Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Көпрүлү Мехмет Фуат

Көпрүлү Мехмет Фуат (1890-1966 жж) түрк тарыхчысы, адабиятчысы жана саясатчысы. Фуат Көпрүлү 1890-ж. 4-декабрында Стамбулда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу осмон садразамы Көпрүлү Мехмет Пашанын урпактарынан болгон. Мектепти тарых жана адабиятты тереңдетип үйрөнүү үчүн таштап салган. 1909-ж. Феджр-Ати аттуу адабий уюмга мүчө болуп кирет. Анын жазган ырлары 1913-ж. чейин Мехасин Сервати-Фунун журналына жарыяланып турган. 1910-ж. тартып бир катар мектептерде түрк тили жана адабият сабактарынан дарс окуган. Фуат Көпрүлү байыркы түрк тарыхын жана адабиятын изилдеген. 1913-ж. Стамбул университетининде "түрк адабиятынын жана тарыхынын профессору" илимий даражасын алган. Ушул жылы "Билги" журналына түрк адабияты кандай усул менен изилдениши керек деген маселени ортого койгон, "Түрк адабияты тарыхынын усулу" аттуу макаласы жарык көргөн. Анын алгачкы чоң эмгеги "Түрк адабиятында алгачы Мутасаввыфлар" эле. 1923-ж. "Түрк тарыхы" аттуу китеби жарык көрдү. 1925-ж. "Туркият" журналын чыгара баштаган. 1928-жылы Түрк тарыхы кеңешинин жетекчиси болуп дайындалган. 1931-ж. "Түрк укук тарыхы" журналын чыгара баштаган. 1932-1934 жж. "Диван адабиятынын антологиясын" чыгарган. 1933-ж. чейин Стамбул университетинде иштеген. 1934-ж. саясатка аралашып, Карс шаарынан Милли Межлиске депутат болуп шайланган. 1935-ж. Парижде Түрк таануу борборунда "Осмон имераторлугунун курулушу" аттуу китеби жарыяланып, коомчулукта кызыгууну жараткан, Гейдельберг, Сорбонна, Афины университеттеринин доктору даражасына ээ болгон. 1941-ж. кийин "Ислам энциклопедиясын" чыгаруу иштерине жигердүү катышкан. Саясатчылар Желал Байар, Аднан Мендерес жана Рефик Коралтандар менен биргеликте Демократиялык партия түзүштү. Демократтар партиясы шайлоодо жеңишке жетишип, бийликке келгенден кийин, өкмөттө 1965-ж чеийн тышкы иштер министри болуп иштеген. Фуат Көпрүлү Түркиянын НАТОго мүч болуп кирүүсүнө оз салымын кошкон. 1500 дөн ашуун илимий, илимий-популярдуу эмгектерди жазган Ф. Көпрүлү 1966-ж. Стамбулда көз жумган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)