Көп катмарлуу живопись

Көп катмарлуу живопись – майлуу живопистин ишти боёк толук кургаганча бир нече ырааттуу этаптарга бөлүп иштөөнү талап кылган маанилүү техникалык түрү (к. Подмалёвок, Лессировка макалаларын). Ири тематикалык композицияны аткарууда жана дегеле узакка созулган ишти иштөөдө К. к. ж. майлуу живопистин бирден бир толук жарамдуу техникасы болуп эсептелет. XIX кылымдын ортосуна чейин бардык алдыңкы ири сүрөтчүлөр бул техниканы негизги техника катары колдонушкан. Кийинчерээк картинанын үстүндө иштөөнү өз практикасынан алып ташташкан импрессионисттердин жана анын жактоочуларынын таасири астында бул техникага анча көңүл бурулбай калган. Мурунку устаттардын техникасы менен байланышпаган кууш технологиялык көз карашта К. к. ж. түшүнүгү кургаган боёк катмары үстүндөгү подмалёвок жана лессировкасыз пропискилерге окшош.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)