Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көп бурчтук

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Көп бурчтук

Бир жолу үч бурчтук менен төрт бурчтук талаша кетишти. Сен эч кандай көп бурчтук эмессиң, - деди төрт бурчтук, - сенде болгону үч гана бурч бар. Үч - бул көп эмес да. Мына менде бурчтар көп. Төртөө! Болуптур, ошондой эле болсун, - деп таарынды үч бурчтук, - бирок сага диагональ жүргүзсө, эки үч бурчтан тургандыгыңды бардыгы көрүшөт. Талашты эки он бурчтук угуп, аларды жараштыра башташты. Экөөң тең көп бурчтуксуңар, - деди чети тегиз кетилген тегерек тарелкага окшош он бурчтук. - Мен да көп бурчтукмун. Квадрат менен Ромб да көп бурчтуктар. Болгону бурчтарыбыздын саны гана ар түрдүү. Бирок ар бирибизде алар бар. Ал эми Айлана жана Тегеректе эч кандай бурч жок. Бизде, көп бурчтуктардын ар биринде, жактарыбыз да бар. Канча бурчубуз болсо ошончо жагыбыз болот.

Алты бурчтукта - алты жак, он эки бурчтукта - он эки жак бар. Бирок биз эч качан бул үчүн алты бурчтук же он эки бурчтук менен чатакташпайбыз. Мындан тышкары бардык көп бурчтуктардын перими болот. Перим - бул бардык жактардын кошундусу. Муну биздин кийимибиз, четибиз деп койсок да болот. Бардык көп бурчтуктардын адамдарга пайдасы чоң. Биздин көмөгүбүз менен алар паркет, кафель такталарын жасашат, үйлөрдүн чиймесин чийишет, жаңы машиналарды ойлоп табышат. Мына ошондуктан биз - көп бурчтуктар үчүн чатакташууга эч кандай себеп жок. Үч бурчтук менен төрт бурчтук жарашып алышты. Алар менен коштошордо ызат көрсөтүп калпактарын бир аз көтөргөн он бурчтуктар көз ирмемде он бир бурчтук болуп калышты.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2331, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу