Көңдөйлөөчү машина

Көңдөйлөөчү машина – жер астында кен казууда кенташ тулкусуна көңдөй же тилке жасоочу машина. Кен казып алууда (механикалык жол менен же жардырып казууда) көңдөйлөнгөн тилкенин мааниси чоң. Анткени кен массивинде оюк пайда кылуу кен казуу иштерин бир топ жеңилдетет. Машина тегиз, түз, жантык, тик катмарлардын бардык түрүндө иштей алат. Көмүр өнөр-жайында кеңири колдонулат. Азыркы кезде ар кандай тоо-кен-геологиялык шартка ылайыкташтырылган түрлөрү пайда болууда. Түрдүү катуулуктагы көмүр катмарынан көңдөй тилке жасоодо, аралыктан башкарылуучу МВ-60, КП-1, КМП-3 маркасындагы, кубаттуу кыймылдаткычтуу машиналар колдонулууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)