Көкүм бий

КӨКүМ БИЙ, К ө к ү м Б а г ы ш у у л у (т. ж. белгисиз – болжол м-н 1629-ж. кийин) – кыргыз элинин белгилүү бийлеринин бири. Санжыра б-ча Багыштын атасы Жанкороз (Карачоро), анын атасы Тагай бий деп айтылат. 17 к-да ойрот урууларынын (Жуңгар хандыгы)биригүү процесси башталып, натыйжада кыргыз-казактар аларга туруштук берүү үчүн бирдиктүү союз түзүшкөн ж-а Эр Эшимди хан көтөрүшкөн. Ал 1629-ж. Ташкентте хан болуп турган Турсунду өлтүрүп, катагандарды кырган. Анын ордуна Эшим хандын ишенимдүү адамы катары К. б. Ташкент ш-на улук болуп дайындалган. Элдик санжырада анын саясий таасири өтө жогорулап баратканын көрө албагандыктан казактын дуулат (чанычкулу) уруусунан Карабайтик уу берип өлтүргөнү ж-а ошол себептен кыргыз-казактын ынтымагы кеткени айтылып калган. Кээ бир маалыматтарда (мис., А. Левшин, М. Тынышбаев) 1740-ж. Ташкенттен дуулаттар куулуп, калмактардын атынан аны К. б. бийлеп калган деген жаңылыш кабарлар да кезигет. Сөөгү Ташкент ш-на (азыркы Шайхантаур р-ну, Карлыгач мазары) коюлуп, Эшим хандын буйругу м-н чоң күмбөз салынган. Күмбөздүн төбөсү көк сыр м-н сырдалгандыктан, «Көкүмдүн көк күмбөзү» аталган. Бул күмбөздүн калдыгы азыркы күнгө чейин сакталып турат. Тооке Жааңгер уулунун (Эшим хандын небереси) тушунда К. б-дин уулу Тейиш бий (Кантейиш) кыргыз-казактар ынтымак түзүп, эки элдин биримдиги бекемделген. Тейиштин уулдары Аккочкор, Каңкы Жаңыл мырзанынын окуяларында эскерилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)