Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Көк-Жар кум-шагыл кени

Көк-Жар кум-шагыл кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Торкен кыштагынан 20 км түндүк-батышта, Нарын д-нын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 995–1005,4 м бийиктикте. 1969-ж. Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагындагы антропоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер жатат. Кум-шагыл катмарынын калыңдыгы 14 мден ашат. Шагыл таштар жумуруланган гранит, конгломерат, кумдук, эффузия, акиташ тектеринен турат. 400 ммге чейинки шагыл фракциясы 55%, жалпак, сүйрү кесекчелер 22%ке чейин, кум (5 ммден майдасы) 23%. Кум полимиктүү, орточо жана ири бүртүкчөлүү. Арасындагы чаң 10%ке жетет, слюда (1–1,5%) кезигет. Кумдун көлөмдүк массасы 1600 кг/м3. Шагылдар иргелип жана жуулуп, чаңдан арылгандан кийин "300" маркасындагы бетонду алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча 2655 миң м3, С1– 4690 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)