Көк-Суу тоо

Көк-Суу–Пскем кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы, Чаткал жана Көк-Суу сууларынын аралыгынан орун алган. Тоо аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасы өтөт.
Узундугу 60 км, туурасы 15–17 км. Орточо бийиктиги 3100–3300 м, эң бийик жери 3828 м (Чатыр-Дөбө чокусу). Кыры жалама, тик аскалуу, мөңгү жок, капталдары тик (40–50°), кыска жана терең кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Геологиялык түзүлүшү өтө татаал, тектон терең жаракалар менен тилмеленип, бүктөлүүлөргө дуушарланган. Тоонун түштүк-чыгыш бөлүгү гранит, гранит-диорит, гранит-сиенит, ортоңку бөлүгү карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, аркоздуу кумдук, битумдуу жана доломиттүү акиташ теги, түндүк-батышы девондун доломит, кумдук, сланец, гравелит тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк-чыгыш капталына талаа жана шалбаа бадалдуу токой (2800–2900 мге чейин), андан жогору субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа жана субнивалдык суук чөл ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)