Көк-Мойнок-Кара-Кече көмүрлүү району

Көк-Мойнок-Кара-Кече көмүрлүү району, Кабак көмүр бассейни–Нарын облусунун Жумгал районундагы көмүр кендери жаткан аймак. Чаек кыштагынан 45 км түштүк-батыш тарапта, Молдо-Тоо менен Түндүк Кабак тоолорунун аралыгындагы Миңкуш жана Каракече өрөөндөрүндө жайгашкан. Аймактын көмүрү жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Узундугу 88 км, туурасы 5 – 8 км. Мында Сарыкамыш, Көкмойнок, Миңкуш 1, 2, 3, Доңуз, Каракече, Карачийлүү сыяктуу бир нече кен белгилүү. Райондун аймагын ордовик, карбон, юра жана неоген-палеогендин чөкмө тоотектери, антропогендин борпоң чөгүндүлөрү түзөт. Көмүр кендери юра мезгилинде пайда болгон тектерде топтолгон. Алар калыңдыгы 81 мге жеткен бир нече көмүр кабаттарынан турат. Көмүр күрөң, гумустуу, күкүрттүү жана күлү аз. Күйгөндө 21,5 МДж/кг жылуулук берет. Райондо көмүрдүн 1800 м тереңдикке чейинки жалпы геол. запасы 3,9 млрд т. Келечекте отун ресурсун көбөйтүүдө, химиялык сырьёлорун алууда мааниси чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)