Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Көк чай чөп

Көк чай чөп (Origanum) – өсүмдүктүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Сабакка тушташ жайгашкан жөнөкөй жалбырактуу бийикт. 20-50 см болгон көп жылдык чөп. Гүлү майда, мала же көгүш кызыл. Топ гүлү шыпыргыдай же калканчадай. Евразияда 20 ашуун түрү өсөт. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар токойдун ачык жеринде, өзөн боюнда, нымдуу боздоңдо, жапыс тоолордон субальпы алкагына чейин таралган. Курамында эфир майы, боёк заттар, аскорбин кислоталары бар. Кургатылган гүлү менен жалбырагы медицинада , ликер-арак өндүрүү ишканасында, ошондой эле тамакка жакшы жыт берүү үчүн колдонулат (к. Балдуу өсүмдүк).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)