Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Көгөй

Көгөй — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Манастын түпкү аталарынын бири. Түбөйдүн уулу, Ногойдун атасы. Манас же Манастын туугандары тууралуу санжырада айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 33, 302). Бул антропоним «көк» жана «ай» деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлгөндүктөн («көк» «ай» — «көгөй») эпостогу байыртадан бери сакталып келаткан ысымдардан. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдер байыртан жер-сууну, тоо-ташты, ай-күн, жылдыздарды, көктү, отту ыйык тутуп, балдарына да ушуга байланыштуу ысымдарды ыйгарышкан. Көптөгөн антропонимист-түркологдор да мындай типтеги ысымдарды байыркы деп эсептешет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)