Көбүргөн

Көбүргөн — манжа ткандарынын ириңдүү сезгениши. Көбүнчө манжалардын тырмак тушунда кичинекей жарааттар (кесилген, сайылган, сыйрылган жана башка) аркылуу ириңдетүүчү микроб киргенде болот. К. үстүнкү (териде, тырмактын түбү жана астында) жана терең (тери астында, тарамыш, муун, сөөктө) болуп бөлүнөт. Тери К-үндө теринин эпидермис (теринин үстүңкү) катмары ириңдейт: мында териде кандуу суюктук же суюк ириң толуп, чыңалган, кызарган ыйлаакча пайда болот; ачышат, анча катуу оорубайт, ыйлаакча акырындык менен чоңоёт. Тырмак жанындагы К-дө анын түбүндөгү териде тегереги кызарган, ириңдеген ыйлаакча пайда болот. Эгерде ириң тырмак астына өтүп кетсе, тырмак астындагы К. пайда болуп, ал тырмакты алып таштамайын айыкпайт. К-дүн бул түрү көбүнчө тырмак астын сайып же ага тикенек киргизип алганда пайда болот.

Мында тырмак пластинасынын асты ириңдейт. Узакка созулуп, күчөп кетсе сөөккө өтүп кетиши ыктымал. Терең жайгашкан К. көбүнчө манжанын ички бетинин тери астынан башталат. Бул жердин териси калың болгондуктан, пайда болгон ириң сыртка чыга албай, ал тарамыш, муун, сөөккө чейин өтүп кетиши ыктымал; кээде бул ткандардын баары жабыркайт. Тери астындагы К. такай сайгылашып, түнкүсүн ооруйт, кичине эле бир нерсе тийсе ооруганы күчөйт, уйку бузулат. Сезгенүү муунга же тарамышка тарап кетсе манжаны кыймылдатууга болбой калат. Айрыкча терең жайгашкан К. ар кандай кабылдоолорго алып келет.

Ириңдетүүчү микробдор лимфа жана кан тамырлар аркылуу тарап, ар кайсы органдардын ткандарын сезгентет, ошондой эле сепсисти пайда кылышы ыктымал. Сөөк К-ү тырмак манжаларынын кебетесин бузат, муун жана тарамыш К-үндө манжалар кыймылдабай калат. К. көпкө айыкпаса, сезгенүү процесси алаканга, каруу билекке өтүп, оор хирургиялык операция жасоого туура келет. Ошондуктан К-дүн белгилери билинер замат өз алдынча дарыланбай хирургга кайрылуу керек. К-дү алдын алуу үчүн ар кандай жумушту иштөөдө кол кап кийип, манжаларды сактоо зарыл.

Ошондой эле өндүрүштө жана үй тиричилигинде өздүк гигиена эрежелерин сактоонун мааниси чоң. Бармактагы кичинекей жараатты жууп тазалап, йод эритмесин сыйпап, бармактарга кирген тикенди дароо сууруп таштоо зарыл. Кесилген, сыйрылган, айрылган жана башка кичинекей жараатка йод сүйкөгөндөн кийин БФ-6 желими менен сыйпап коюп, манжага резина бармак кабын кийип алуу К-дөн сактайт. КӨГӨРҮҮ кырсыкка учурагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин дененин үстүңкү бетине кан куюлуудан болот. Бир нерсеге урунган жер алгач кызарып чыгат; кандагы гемоглобиндин бузулушуна жараша кызарып, анан көгөрүп, жашыл тартып, аягында саргарып барып тарайт. К-нүн качан болгонун анын түсүнүн өзгөрүшүнөн билүүгө болот. Жаңы урунган жерге муздак басып, кийинчерээк К-нү таратуу үчүн жана оорусун басуу үчүн жылуулук менен дарылайт. Кээде өтө терең ткань кырсыкка учураганда, сөөк жабыркаганда (сынык, жарака) К. бир нече күндөн кийин байкалат. Айрым учурда ал өмүргө коркунучтуу абалдын белгиси болушу мүмкүн, мисалы, баш кырсыкка учурап, баш сөөк сынганда көздүн тегереги көгөрөт (Шилтеме: Баш травмасы).

Эгерде бир аз урунганда же басканда көгөрсө кан тамыр системасынын оорусун айгинелейт.

Комментариев: 2 RSS

1 Рахима 24-06-2018 00:38

Саламатсызбы менин колум көбүргөн болуп оруп жатат кандай даарыласам болот. доктурга баралбай атам шартыбыз жок алыстабыз. толук маалымат берип койгулачы суранам.

2 Арген 12-07-2018 09:12

Саламатсызбы! Эгерде колуңуз көбүрүп ооруп жаткан болсо бираз ыссык сууга туздан кошуп( намакап жасап) аралаштырып, колуңузду биразга сала туруңуз. Бул нерсени 2-3 күн жасаганыңыздан кийин айыгып калат деген үмүттөмүн. Айтмакчы бир күндө 2 же 3 жолу кайталаңыз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)