Клетка

Клетка жонундо маалымат. Адам жана буудай, бака жана микроб - бардык тирүү нерселер клеткадан түзүлө тургандыгын окумуштуулар өткөн кылымда эле аныкташкан. Микроб болгону бир гана клеткадан, ал эми алманын жалбырагы 50 миллиондой клеткадан турат. Клетка жонундо жалпы тушунук бере кетсек. Клеткалардын көбүн микроскоп менен гана көрүүгө болот. Балыктын икрасы, тооктун жумурткасы сыяктуу алп клеткалар да бар. Ар кайсы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн клеткалары айырмаланып турат, бирок жалпы жактары да көп. Клеткада адатта килкилдек цитоплазма жана андан катуураак тоголок же сүйрү ядро болот. Клеткалар бири-биринен, ядро цитоплазмадан кабык менен бөлүнөт. Азыркы мезгилде окумуштуулар клетканы жүз миң эсе чоңойтуп көрсөтүүчү электрондук микроскоб менен изилдөөдө. Алар көптөгөн кызыктуу көрүнүштөрдү байкашты.

Ядро кабыгында тешикчелери бар экен, алардын оозунда өтө эле майда тоголокчолор - рибосомалар кысылышып турат. Клетканын рибосомолары чоң заводдогу цех сыяктанат: алар клетка түзүлүүчү заттарды иштеп чыгарат. Организмге клетка зарыл заттарды иштеп чыгаруу үчүн керек. Бул заттарды да рибосомалар чыгарат - алардын эң башкы мааниси мына ушунда. Мисалы, ак кан денечелеринин рибосомалары зыяндуу микробдорду жок кылуучу жана алардын уусуна зыянсыздандыруучу атайын заттарды, ал эми кызыл кан денечелеринин рибосомалары гемоглобинди чыгарат. Гемоглобин канга кызыл түс берип, бүт денеге кычкылтек ташыйт. Цехтин иштеши үчүн энергия керек. Энергия рибосомалар үчүн да зарыл. Ар бир клетканын өз электр станциясы бар. Ал митохондрия деп аталат.

Клеткалар дайыма иштейт, ошондуктан эскирет, өлөт. Жаңы клеткалар кайдан пайда болот? Клеткалар бөлүнөт. Бир клетка экөө болуп кетет. Анын кандайча бөлүнгөнүн микроскоп менен байкоого болот. Татаал организмдеги, мисалы, адам денесиндеги клеткалар өтө ар башка. Айрым клеткалардан сөөк, башкаларынан булчуң түзүлөт. Булчуң клеткалары тартылып чоюлууга жөндөмдүү, ошондуктан биз кыймылдай алабыз.

Кандагы кызыл кан клеткалары кычкылтек ташыйт. Тери клеткалары денени коргоп турат. Нерв клеткалары ооруксунууну, ысык, муздакты кабылдап, өз дүүлүгүүсүн бөлөк нерв клеткаларына - мээ клеткаларына жиберет. Ар бир клетканын өзү гана аткаруучу кызматы бар. Бул болсо алардын ар биринин организмге мыкты кызмат кылуусуна шарт түзөт. Макаланы кыргызча даярдаган: Капашова Мээрим

Кошумча шилтемелер:

Комментариев: 1 RSS

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)