Киши (адам)

Киши(адам) — жер шарындагы тирүү жаныбарлар дүйнөсүнүн өнүгүшүндөгү эң жогорку баскычты ээлеп турган, эмгек куралын өндүрүүгө жөндөмдүү, аларды айлана-чөйрөдөгү табигатты өздөштүрүүгө пайдалана алган, мээсинин түзүлүшү татаал, абдан өөрчүгөн сөз байланышы бар коомдук аң-сезимдүү сүт эмүүчү. К-нин дене түзүлүшүндөгү анатомиялык белгилер (дененин тик туруусу, колунун өзгөчөлүктөрү, баш мээсинин татаал түзүлүшү жана башка) коомдук шартта эмгектенүүнүн, өсүп-өнүгүшүнүн натыйжасында пайда болуп, организмдин структурасын өзгөрткөн. К-нин башка жаныбарлардан айырмасы анын алдына койгон максатты эмгектенүү менен ишке ашырып, коомдук шартта материалдык жана рухий байлыктарды өзү түзгөн эмгек шаймандары менен жаратканында. К. Маркс менен Ф. Энгельс белгилеп кеткендей келтирилген айырмачылыктар кишинин эмгек куралдарын жаратып жана аны пайдалануунун натыйжасында келип чыккан. Эмгек куралынын жардамы менен айлана-чөйрөнү өзгөртүп, бири - бири менен байланышта болгон коомдук шартта кишилердин аң-сезими жана тили (сүйлөөсү) пайда болгон. К-нин денесиндеги клеткалар түзүлүшү жана алардын аткарган кызматы боюнча ар кандай ткандарды (булчуң, нерв, сөөк жана башка) түзөт. Ткандардан кишинин органдары жана алардын системалары түзүлгөн. К-нин денеси тери менен капталган.

Тери денени зыяндуу факторлордон жана айланачөйрөнүн таасиринен сактап, сезүү, бөлүп чыгаруу жана дененин жылуулугун сактоо кызматын аткарат. Бирдей функцияны аткарган жана жалпы түзүлүштөгү органдар системага биригет. Бардык системалар бирбирине өз ара байланышта болуп бүтүндөй организмди түзөт. Төмөнкүдөй системаларга бөлүнөт: сөөк системасы, булчуц системасы, тамак сиңирүү системасы, дем алуу системасы, заара бөлүп чыгаруу системасы, заара-жыныс системасы, жүрөк-кан тамыр системасы, сезүү органдар системасы, эндокрин системасы, нерв системасы. Денедеги сөөктөр алардын бири-бири менен байланышын жана ага бекиген булчуңдар К-нин таяныч-кыймыл аппаратын түзөт.

К-нин сөөктөрү анын тике басып жүрүүсүн камсыз кылуу менен бирге ички органдарды көкүрөк клеткасында (жүрөк, өпкө жана башка), баш сөөктө (мээ, көз, мурун жана башка), жамбаш чарасында (табарсык, жатын жана башка) сактап турат. Андан тышкары таяныч-кыймыл аппараты бири-бири менен байланышкан рычагдарды түзүп, булчуңдар аркылуу динамикалык жана статикалык кыймылдарды аткарат. Бул кыймылдардын бардыгы адамдын каалоосу боюнча ишке ашырылып, сома нерв системасына баш иет. К-нин скелети омуртка түркүгүнөн, баш сөөгүнөн, кол жана бут сөөктөрүнөн турат. Бул бөлүктөр дагы кичине бөлүкчөлөрдөн жана айрым майда сөөктөрдөн турат да, түзүлүшү жана аткарган кызматы боюнча бири-бири менен тыгыз байланыштуу. К-нин омуртка түркүгү 33—34 омурткадан турат. Моюн омурткаларынын алдында кулкун, кекиртек, калкан сымал без, көмөкөй нерв, кан тамырлар жана моюн булчуңдары жайгашса, анын үстүндө баш сөөгү бар. Омуртка түркүгүнө 12 жуп кабырга бекип, астынан төш сөөгү менен биригип көкүрөк клеткасын түзөт. Анын ичинде өпкө, жүрөк, кызыл өңгөч, нерв талчалар жана кан тамырлар жайгашкан. Омурткалардын бел бөлүгү капталынан жана алдынан курсак булчуңдары менен чектелип, курсак көңдөйүн түзөт.

Анда карын, жоон, ичке ичегилер, боор, уйку бези, бөйрөк, көк боор жатат. Омурткалардын төмөнкү бөлүгү куймулчак, чычаң омурткаларынан турат да, жамбаш сөөктөрү менен биригип жамбаш чарасын түзөт. Анын ичинде табарсык, көтөн чучук, жыныс органдары жайгашкан. К-нин организминдеги бардык функциялар — кыймыл, нерв импульсун таратуу, бездердин бөлүп чыгаруусу, өсүү, көбөйүү жана башка айлана-чөйрө менен зат алмашуу процессинин негизинде ишке ашат. Тамак сиңирүү органдарында иштетилген тамак-аштын көп бөлүгү канга сорулат, дарбаза венасы жана лимфа аркылуу боорго жеткирилет. Сиңирилген тамак заттарынан боор белок менен углеводдорду синтездеп, пайда болгон зыяндуу заттардан тазалап, өт бөлүп чыгарат. Тамак-аштын сиңбеген калдыктары (мисалы, клетчатка жана башка) жоон ичегиде суу кайра сиңирилип заңга айланып, көтөн чучук аркылуу сыртка чыгарылат (Шилтеме: Заңдоо). Тамак сиңирүү системасынын ишин борбордук нерв системасы жөнгө салып турат.

Зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон керексиз заттар бөлүп чыгаруу органдары аркылуу сыртка чыгарылат. Бөйрөк — сийдикти, тери — терди, өпкө — газды сыртка чыгарып, организмде болгон суунун, ар кандай туздар менен газдын, кан басымынын туруктуу деңгээлде сакталып турушун камсыз кылат. Зат алмашуунун эң негизги бөлүгү болуп газ алмашуу процесси эсептелет (Шилтеме: Дем алуу). Газ алмашуу дем алуу органдарынын жардамы менен ишке ашырылат. Дем алуу органдары аркылуу ткандарга жеткирилген атмосфера кычкылтегинин таасири астында тамак-аш заттарындагы химиялык энергия бөлүнүп, акырында көмүр кычкыл газы сыртка чыгарылат.

Дем алуу органдарына: мурун, анын кошумча кобулдары, кекиртек, бронхтор, өпкө жана плевра кирет. Дем алуу жолунун башталышында жайланышкан көмөкөйдө үн пайда болуп, ал эми үндү ар түрдүү тыбыштарга айландыруу эриндин, тиштин, тилдин жардамы менен ишке ашырылып, мурун ичиндеги аба көңдөйлөрүндө үн жаңырып ар бир адамдын үнүнүн ар кандай болушуна таасир тийгизет. Мурун ичиндеги көңдөйчөлөрдө, кеңилжээрде аба тазаланып, жылууланып, андан дем алуу жолуна өтүп, дем алуу органдарынын сезгенишин алдын алып турат. К-нин салмагынын 40%и суюктуктан турат. Кан жана лимфа тамырлары жана капиллярлары кандын агып турушуна ылайыкталып, туюк катнаш түтүкчөнү же кан лимфа айлануу системаларын түзөт. Кан айлануу системасынын борбордук органы — жүрөк. Ал чоң жана кичине кан айлануу тегерегинде кандын айлануусун камсыз кылат. Жүрөктөн чыккан артериялар акырындап бөлүнүп, кичирейип, органдарда эң майда торчо капиллярларга айланып, кан менен ткандардын ортосунда зат жана газ алмашууга шарт түзсө, өпкөнүн ичиндеги капиллярларда кан менен атмосфера ортосунда газ алмашып, сыртка көмүр кычкыл газы чыгарылып, кан кычкылтек менен камсыз болот. Өпкөдө жана денеде капиллярдан чогулган кан веналар аркылуу кайрадан жүрөккө келип куят (Шилтеме: Кан айлануу).

Кан тамырлардын ичинде айлануучу кан кан клеткаларынан жана плазмадан турат да, организмдин ички чөйрөсүн түзөт. Ички чөйрөнүн составынын туруктуу болушу — органдар менен ткандардын жашоосу үчүн керектүү шарт. Ошондуктан кан пайда болуу, кан клеткаларынын туура өсүшү ретикул-эндотелий системасы менен тыгыз байланыштуу. Ал системага кан, лимфа түйүндөрү, көк боор, сөөк кемиги, сөөк чучугу жана боор кирет да, алар бөлүп чыгарган клеткалар организмде пайда болгон зыяндуу заттарды жана сырттан кирген өгөй бактерияларды жана башка жок кылууга ылайыкталган (Шилтеме: Фагоцитоз). Иштеп жаткан органдарда кан тамырлар ичкерип, канды рационалдуу пайдалануу кан тамыр нервдери (вазоматорлор) аркылуу жөнгө салынат. Кан менен ткандардын ортосундагы зат алмашуу ткань аралык суюктук аркылуу өтөт. Ткань аралык суюктук (лимфа) ткандар менен клеткалардын арасын толтуруп турат да, кандын плазмасы аркылуу жаңыланат. Лимфа тамырларынын жолунда лимфа түйүндөрү жайланышкан.

Ал түйүндөрдө лимфа лимфациттер менен каныгат, ткань аралык суюктукта пайда болгон микробдор, өгөй заттар эрип сиңирилип, жок кылынып турат. Дененин сырткы айлана-чөйрө менен байланышы жана ички чөйрөнүн өзгөрүүсү нерв системасынын жардамы менен ишке ашырылат. Нерв системасы бардык системалардын, ткандардын жана клеткалардын бир убакыттын ичинде бири - бири менен байланышта болушун, ошол системалардын, органдардын өз ара биргелешип иштешин; айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша организмдин, ички органдардын иштешинин жөнгө салынып турушун камсыз кылат. Нерв системасы борбордук жана четки нерв системасы болуп бөлүнөт. Борбордук нерв системасы мээ менен жүлүндөн турат, четки нерв системасы — борбордук нерв системасынан чыккан дененин бардык нервдери.

Мээ жана жүлүн сыртынан кабыкчалар менен капталып, ичинен мээ суюктугу менен толгон көңдөйчөлөр, карынчалардан турат. Нерв системасынын түзүлүшү, кызматы сырткы жана ички чөйрөдөгү дүүлүктүргүчтөрдүн, аларга карата берилген организмдин жообуна жараша болот. Ошондуктан дүүлүктүргүчтөрдө кабыл алынган сезимдерге жараша анализаторлордун ар кандай түрлөрү бар. Анализаторлор дүүлүгүүнү кабыл алуучу рецептордон, өткөрүү жолдорунан жана мээнин кыртышында жайланышкан жогорку сезүүчү борбордон турат. Анда сырттан алып келинген дүүлүктүргүчтүн энергиясы аң-сезимге айланат. Адамдын организмине сырткы жана ички чөйрөдөн келген дүүлүктүргүчтөргө берилген жооп булчуңдардын кыймылы (аң-сезимге баш ийген жана ийбеген), бездин секрет бөлүп чыгаруусу жана зат алмашуунун жөнгө салынышы менен ишке ашат. Нерв системасы менен бирдикте организм зат алмашууну кан аркылуу жөнгө салып турууда секреция бездеринин гормондору да чоң роль ойнойт.

Нерв системасынын иштеши шарттуу жана гипофиз рефлекстердин негизинде ишке ашат (Шилтеме: Рефлекстер). Шартсыз рефлекстер төрөлгөндө эле даяр болуп, өмүр бою туруктуулугу менен айырмаланат. Аларга жутуу, чүчкүрүү, дем алуу жана башка кирет да, процесстердин аткарылышы үчүн борбордук нерв системасында даяр өткөрүү жолдору жана туруктуу байланыштары бар. Ал эми шарттуу рефлекстердин негизинде борбордук нерв системасында пайда болгон утурумдук байланыштар жатат. Алар улам өзгөрүп, дүүлүктүргүчтөрдүн санына жана сапатына жараша жаңыланып, кайра пайда болуп турат. Кишинин башка жаныбарлардан айырмасы — анын мээ кыртышындагы нерв клеткаларынын байланыштарынын натыйжасында аң-сезим, интеллекттик өнүгүү жана экинчи сигналдык системанын — сөздүн болушу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)