Кимден ким төрөлөт

Апенди балалуу болуптур дегенди угуп, эмир Темир андан: - Аялың эмне төрөдү? - деп сурайт. - Азырынча билбейм, үйгө бара элекмин. Анын үстүнө, мага окшогон кедейден эмне төрөлөрү белгилүү да! Же кыз, же эркек - экөөнүн бирөө тургандыр. Биз сен эмеспиз да, - дейт Апенди. - И, мен өңдүү шахтар менен падышалардан башкача балдар төрөлөт деп уктуң беле?

- деп, эмир Темир тостоё түшөт. - Албетте, - дейт Апенди анда, - сага окшогон өкүмдарлардан төрөлсө эле зулумдар менен кекчилдер, кан ичкичтер менен көркоолор төрөлөт да. - дептир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)