Кильчичаков Михаил Еремеевич 21. 11. 1919, Россия Советтик Федеративдик Социалистик Республикасы (РСФСР), Енисей губерниясы, Жогорку Төө (хакас тилинде Чоғархы Тӧӧ) айылы – 23. 08. 1990, ошол эле жер – хакас драматургу жана акыны. М. Горький атындагы Адабият институтун бүткөн (1953). Чыгармачылыгы 1947-жылдан башталган. Хакас айлынын согуштан кийинки турмушун чагылдырган «Аюу колот» (1956) комедиясы менен таанылган. М. Кильчичаков – «Жалбырактар неге саргаят» (1961) драмасынын, «Тирүү кан» (1962), «Жүрөктө калган тактар» (1964) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар жана сыйланган.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер