Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кийизбаева Сайра (1917-1988)

Баш барак | Биографиялар | Кийизбаева Сайра (1917-1988)

Кийизбаева Сайра (1917-1988)Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылдар эле. Борбордон кыргыз өнөрпөздору концерт берүү үчүн келди дегенди угушуп, эл аттуу-жөөлүү болуп агылып, тоо арасындагы көк майсаңга кере тартылган көшөгөлөрдүн артынан өнөрпөздор чыккан да эл дүркүрөтө кол чаап, кубана тосуп алып, алардын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү кунт коюп угушуп, согуштун кесепетинен тарткан кайгы-капаларын бир саамга болсо да унутушту.

Бир учурда ак куунун кебин кийген Айчүрөк желбиреп учуп чыккандай болду. Анын булбулдай үнү уккандын моокумун кандырып, музыканын сыйкырдуу дүйнөсүнө жетеледи. Ошондогу кыргыздын Манас эпосунун негизинде коюлган операдагы баш каарман Айчүрөктүн ролунда - Кийизбаева Сайра эже эле. Ал кыргыз композиторлорунун ондогон операларынан өлбөс-өчпөс образдарды жаратты. Кичинесинен ырга шыктуу кыз адегенде Кыргыз музыкалык драма театрына ырчылыкка кабыл алынат.

Жыл айланбай нота үйрөнүп, профессионал ырчы болуп чыга келет. 1940-жылы Москвага окууга жиберилет. Бирок ал фронттук бригадага кошулуп, кан күйгөн майдандагы жоокерлерге кыдырып концерт берет. Согуш аяктагандан кийин гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүмкүндүк алат. Сайра Кийизбаева кыргыз сахнасында көптөгөн орус жана дүйнөлүк классиктердин операларынан да ролдорду аткарган, ыр-романстарды ырдаган.

Өз өнөрүн жаштарга үйрөтүү максатында М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик. искусство институтунда мугалим болуп иштеген. Ал Ленин ордени, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 899, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу