Киев Русу

Байыркы чыгыш славяндардын биринчи мамлекети ушундай деп аталган. Башкача айтканда Киев русу байыркы орус мамлекети. 6-8-кылымдарда орус, украин, белорус деген үч башка эл болгон эмес. Балтикадан кара деңизге чейинки көз жеткис аймакта бир гана байыркы русь калкы жашаган. Аны үрп-адаты, тили окшош ар түрдүү славян уруулары түзгөн. Алар негизинен дыйканчылык менен тиричилик кылышкан, мал өстүрүп аңчылыкка чыгышкан, балык уулап, жапайы бал чогултушкан. Славяндардын мындай мол түшүмдүү жерине душмандар кол салып турушкан.

Бирок алар көп сандаган коркунучтуу душмандарга каршы биргелешип, өз мекенин баатырдык менен коргошкон. Душмандар менен болгон салгылашууларда көптөгөн ар түрдүү олжо колго түшүрүлгөн, бирок көп учурда бул олжо кол башчынын колуна тийген. Көбүрөөк баюу үчүн уруу башчыларынын өздөрү да согуш жортуулдарын уюштурушкан. Мындай жортуулдардан карапайым адамдар - дыйкандар көбүрөөк жапа чегишкен, анткени алардын чарбалык иштери үзгүлтүккө учураган. Байлар өзүнүн жакырданган уруулаштарын көбүрөөк баш ийдире беришкен, ошентип аскер башчыларынын - княздардын бийлиги улам барган сайын күч ала берген. Түндүк Европадан. Чыгыш өлкөлөрүнө баруучу чоң суу жолу славяндардын жери аркылуу өткөн.

Бул жолду варягдардан - гректерге, башкача айтканда, Скандинавиядан Византияга баруучу жол деп аташкан. Ушул жолдун боюна салынган чоң шаарларга соодагерлер токтоп, өргүп өтүшчү. Ал шаарларда кеме оңдоочу усталар жашаган, ал эми чет жакадагы кыштактардын дыйкандары шаарды тамак-аш менен камсыз кылып турушкан. Шаарлар, ошондой эле калкты душмандардын кол салуусунан коргоонун борбору да болгон. Алардын айланасына чептер курулуп, курал-жарактар жасалган. Байыркы Руста шаарлар көп болгон, бирок алардын ичинен соода жүрүүчү чоң жолдордун боюнда тургандары гана ири шаарларга айланган. Алардын эң башкысы Киев шаары болгон. Аны орус шаарларынын энеси деп аташкан.

Ушундан улам өлкө да "Киев Русу" деп аталган. Новгород, Смоленск өңдүү башка ири шаарлар да болгон. 882-жылы Киев князы Олег бүт орус жерлерин бириктирген. Мына ушул мезгилден тартып Русь мамлекети жашай баштаган. "Киев Русу" тез эле Европадагы эң ири мамлекеттердин бири болуп калган. Польша, Чехия, Немец мамлекеттери, Скандинавия жана Балтика бою, айрыкча Византия Киев Русу менен өтө тыгыз байланышта болушкан. Батыштын жана Чыгыштын ар түрдүү өлкөлөрүнөн соодагерлер менен саякатчылар Киевге келип турушкан. Днепрдин бийик жээктеринде эң сонун сарайлар жана ак таштан курулган чиркөөлөр пайда болот.

Аларды мыкты чеберлер кооздошкон. Ушул күнгө чейин сакталып келген байыркы София собору бизге мындан көптөгөн кылым мурда жашаган эмгекчил адамдардын чеберчилиги жана таланты жөнүндө кабар берет. Бирок бул адамдар Днепрдин боюндагы кичинекей жер кепелерде жашашкан. Алардын кепелери менен устаканаларынын калдыктары археологиялык казуу учурунда табылган. Бул көп элдүү шаарларда жашагандардын турмушу ар кандай болгон: биринин колунда болсо, экинчиси карызга белинен батып, жакырчылыкта жашаган. Киевде жакыр адамдарга кысым көрсөтүп, алардын эмгегинен пайда көргөндөргө каршы карапайым адамдар эчен жолу ири көтөрүлүштөрдү чыгарып турушкан. Согуш коркунучу пайда болгон учурда Киевдин эли өз шаарын баатырларча коргогон.

Бай жана даңктуу шаарды талап кетүүгө умтулган талаа көчмөндөрүнүн чабуулдарына каршы дайыма күрөш жүрүп келген. Өтө коркунучтуу кол салуу 13-кылымдын ортосунда моңгол-татар басып алуучулары тарабынан болгон. Душман шаарды бүт талкалaп, элин кырган. Бирок Киев андан мурда эле өзүнүн таасирин жогото баштаган, анткени Орус жеринин ар кайсы бөлүгүндө Киевге көзкаранды болууну каалабаган жаңы шаарлар өсүп чыккан. "Киев Русу" славян элдеринин эң сонун барагы болуп эсептелет. Үч бир тууган элдин - орус, украин, белорустардын тарыхы Киев Русунан башталат. Киев Русу моңгол-татар жапырыгына чейин европалык башка өлкөлөрдүн элдеринен артта калмак турсун, алардын арасында ардактуу орунду ээлеп келген. Киев русу жонундо маалыматты дайындаган Асылбекова Н.

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)