Киев-Печёра лаврасы

Киев-Печёра лаврасы – Рустагы эң байыркы монастырь, Киев шаарында. Эркектер монастыры катары 1051-ж. негизделген. Киев-Печёра лаврасы 11-кылымдын аягынан чиркөө жана маданияттын ири борбору болуу жана бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-ж. монастырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 192бжылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988-жылдан кайрадан монастырь. Киев-Печёра лаврасынын архитектуралык комплексине Жогорку лавра жана Алыскы жана Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар 11–18-кылымдарда курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыркы учурда монахтар жашаган жай жана храм – кийин 16-кылымга чейин көрүстөн, 11–16-кылымдарда монастырь диний жана маданий борбор болгон: жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, басмакана, мектеп иштеген. Байыркы курулуштары: Успенье собору (11–18-кылымдар 1941-ж. талкаланган, 1998–2000-ж. калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-ж., 18-кылымда кайра курулган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702) – чиркөөлөр (1696–98) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин резиденциясы, диний академия, семинария жайгашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана ж. б. маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы, София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү жана бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)