Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кичи Нарын

Ички Теңир-Тоодогу суусу Тоң жана Нарын райондорунун аймагында.

Жетимбел кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Узундугу 144км, алабынын аянты 3870 чарчы/чакырым.

Башталышында Буркан деген ат менен батышка агып, үчемчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач менен кошулуп Кичи Нарынды түзөт.

Кууш жана терең капчыгай менен агып, Кашкасуудан кийин түштүккө бурулат. Нура жана Жетим кырка тоолорун кесип өтөт.

Босоголору көп. Капчыгайдан кийин кашаттуу өрөөн менен Чоң Нарынга кошулуп, Нарын деңизин түзөт. Карасаздын чатында бир аз салааларга бөлүнөт. Жылдык ортчо чыгымы 43,0 м3/сек. Эң чоң чыгымы 205 м3/сек (июль), эң азы–4,33 м3/сек (февраль). Алабында 20дай көл бар.

Ири куймалары: үчемчек, Карасаз, Каракалак, Эгизтөр, Сарыкүнгөй (оң), Айкөл, Жаманечки, Арчалы, Жылаңач (сол).

Өрөөнү Тоң жана Нарын райондорунун жайыты.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)