Кескелдирик

Токой четинен же жол боюнан чапчаң, шамдагай кескелдирикти ким жолуктурбаган. Анын узундугу 18 смден ашпайт, денесинин жарымын ийилчээк ичке куйругу түзөт. Тирүү туулчу кескелдириктин денеси мүйүз кабырчык түрпү менен капталып, башында келки-келки мүйүз калканчалары бар. Кескелдирик катуу чочуганда куйругун үзүп раштап, качып кетет. Бул болсо душманынан коргонуунун бир жолу: куйругу үзүлсө да өзү аман калат. Үзүлгөн куйрук жерде ийрелеңдеп жырткычтын көңүлүн бурат, ал эми куйруктун ээси коңулга кире качууга үлгүрөт. Бир нече жумадан кийин эски куйруктун ордуна анча узун эмес жаңысы өсүп чыгат. Кескелдириктин төрт буту, ар бир бутунда бекем тырмактуу беш манжасы бар. Көздөрү чоң, кабактуу. Көзүнөн артыраак жакта кулак тешиги жайгашкан. Кескелдириктин көзү курч, сак кулак.

Бардык сойлоочулардай эле кескелдириктин денесинде да туруктуу температура жок. Ал айлана-чөйрөнүн температурасына жараша болот. Мына ошондуктан кескелдирик эртең менен күнгө кактанып жылынганды жактырат, себеби түнү менен денеси муздап, өзү ылдырап калат. Кыш башталганда кескелдирик ийинде же дарак тамырынын астында селейип катып калат, көргөн адамга өлгөн сыяктанат. Бирок жазында күн жерди жылытары менен ал кыймылга келип, кумурска, көпөлөк, коңуз жана башка курт-кумурскаларга аңчылык кыла баштайт. Кескелдириктин көбү кабыгы тери сымал жумуртка тууйт. Алардан кескелдириктер чыгат. Айрым кескелдириктер жумурткаларын денесинде алып жүрүп, чегиле баштаганда тууйт. Ошондуктан аларды тирүү туулчулар деп аташат.

Улам түштүгүрөөктө кескелдириктер көбүрөөк кездешип, алардын түрлөрү да көбөйөт. Борбордук Азия чөлдөрүндө узундугу бир жарым метрден ашкан боз эчки эмээр (варан) жашайт. Чыгыш Индонезиядагы аралдарда жашоочу комодо эчки эмээри мындан да чоң - анын узундугу 3 метрден ашат. Мындай жырткыч бугуну же доңузду жеп коё алат. Кээ бир кескелдириктер жыланга окшош болот. Ошондуктан аларды жылан экен деп коркушат. Алар бутсуз, жылтырак сары түстүү, узундугу жарым метрдей келген кичинекей, эч кимге залалсыз кескелдириктер. Аны көп учурда ушул түстөгү уулуу жыланга алмаштырып алышат.

Чынында бул - морт веретеница деген кескелдирик. Веретеницанын көзү кабактуу (жыланда кабак болбойт), көзүнөн артыраакта кулак тешиги бар (жыландын сырткы кулагы жок), ал көпчүлүк кескелдириктей эле куйругун үзүп жашай алат (жылан анте албайт). Веретеница майда үлүл, сөөлжандарды жейт. Кавказда, Борбордук Азияда мындан чоңураак бутсуз кескелдирик жолугат. Ал - узундугу бир метрден ашык сары боор кескелдирик. Муну сары жыландан айырмалай билүү керек. Веретеница сыяктуу эле анын да эч кимге залалы жок, үлүл, коңуздарды жеп жан багат.

Геккон кескелдириктеринин буттарынын манжалары урчуктуу келип, көзгө көрүнбөгөн майда кыл менен капталган. Бодуракай дубалга жармаша өйдө-ылдый тез жүгүрүп, үйдөгү курт-кумурскаларды кармап жейт. Борбордук Америкада уутиш деген кескелдирик бар. Алардын астынкы жаагында уу бездери болот (жыландын уу бези үстүңкү жаагында). Уутиш чакканда адам катуу ооруйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)