Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кербабаев Берди Мурадович

Кербабаев Берди Мурадович түркмөн тилинде Berdy Myradowiç Kerbabaýew, 3 (15). 3. 1894, Россия империясы, Закаспий облусу, Тежен уезди, Коуки-Зерен айылы — 23. 7. 1974, СССР, Түркмөн ССРи, Ашхабад шаары – түркмөн жазуучусу, Түркмөн ССР Илимдер Академиясынын академиги (1951), «Чечүүчү кадам» аттуу революциялык-тарыхый романы (СССР мамлекеттик сыйлык, 1948), «Курбан Дурды» (1942) повести, «Айлар» поэмасы, «Бир туугандар» жана «Махтумкули» (1943) пьесалары ж. б. чыгармалары бар. «Ак алтын өлкөсүнүн Айсолтаны» повестинин, нефтичилер турмушун сүрөттөгөн «Небит-Даг» (1957) жана түркмөн элинин көрүнүктүү революционери жана коомдук ишмери К. Атабаев жөнүндөгү «Кереметтүү төрөлгөн» (1965) романдарынын автору. А. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, М. Горький ж. б. жазуучулардын чыгармаларын түркмөн тилине которгон. 3 Ленин ордени жана сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)