Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кептөөр

кептөөр — катуу кармама жугуштуу оору. көмөкөй, чанда мурун, көз жана башкалардын былжыр чели сезгенип, катуу кабыктуу өңөр пайда болуп, оргайизмдин жалпы уулануусу байкалат. көбүнчө 4—6 жаштагы балдар ооруйт. аны к. таякчасы козгойт. козгогуч суукка, кургакчылыкка туруктуу; сууда, сүттө 7 күн, идиш-аякта, китепте, оюнчуктарда, ич кийимдерде, сүлгүдө бир нече жума жашайт. к. оорулуу жана бактерия алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей менен абага чачырап, соо адамга жугат. ноокастаган киши айланасындагылар үчүн оорунун жашыруун мезгилинен оорудан толук айыкканга чейин, кээде ооруп айыккандан кийин 2—3 айга чейин жугуштуу болушу мүмкүн.

к. менен ооруп айыккандар кайрадан оорушпайт. анткени алардын денесинде иммунитет (кабыл албоочулук) пайда болот. оорунун козгогучу алкым бездерин, мурунду, кекиртекти, чанда көздүн, кыздардын жыныс мүчөлөрүнүн былжыр челин, ымыркай баланын киндигин жабыркатат. к. таякчалары кишинин денесине киргенден кийин көбөйүп, уу затты бөлүп чыгарат. уу бүт денеге кан жана лимфа аркылуу тарайт. к-дүн жашыруун мезгили 2— 10 күнгө созулат. алкым к-үндө эт ысыйт. оорунун башталышында тамагы шилекей жана тамак жута албай ооруйт. алкымдын былжыр чели кызарат.

тамактагы бездер, жумшак таңдай, таңдайдын кичине тилчеси, коко киргилт жука өңөр менен капталат. сезгенген органдар козгогучтун уусунун таасиринен шишийт. шишик чоңоюп, тегерегиндеги ткандарга тарайт. оорунун 5—6-күнүндө дененин жалпы уулануусу байкалат. мына ушул учурда жүрөктүн кагышы начарлайт, боор чоңоюп, нерв системасынын иштеши бузулат. дене 39—40°ка чейин ысыйт. оорулуунун жалпы абалы начарлап, тамырынын кагышы акырындап, өңү бозорот.

жаак астындагы лимфа түйүндөрү шишип, ал моюн, көкүрөккө чейин тарайт. баш, ич ооруп, кусат, ич өтөт. мурун к-үндө мурун бүтүп, көпкө суу токтобой агат. оорулуунун абалы көп өзгөрбөйт. ошондуктан врачка кеч кайрылышат. кекиртек к-ү (шилтеме: круп) көпчүлүк учурда жаш балдарда кезигет. к. таякчасынын уусу көпчүлүк органдарга таасир этип, оор кабылдоолорго (бөйрөктү, жүрөктү, өпкөнү, нервди жабыркатып) дуушар кылат.

дарылоодо к-гө каршы кан сары суусу куюлат. ал канчалык эрте куюлса ошончо дарылоо натыйжалуу болот. алдын алуу эки багытта жүргүзүлөт. 1. оорулууну өз убагында ооруканага жаткырып, үйгө дезинфекция жүргүзүү. оорулууга витаминдүү, сапаттуу тамакты мүнөздөп берүү, суюктукту, айрыкча мөмө-жемиш маңыздарын берүү сунуш кылынат. өзгөчө балдар бакчаларында иштеген кызматкерлердин арасында к-дүн таякчаларын алып жүргөндөрдү жана алкым бези сезгенип ооругандарды өз убагында табуу зарыл. 2. к-дү алдын алуунун негизги жолу — алдын ала эмдөө.

азыр алдын ала эмделгендиктен к. жаш өспүрүмдөрдүн арасында кескин азайды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)