Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кептин турлору

"Кептин турлору" кандай, алардын эмне айырмачылыктары бар, деги эле кептин канча түрү бар ушул жөнүндө макалабызды баштайлы да, алгач макаланын мазмуну менен таанышып алалы, жана айтып коелу, мазмунда жазылгандар кептин түрлөрүнө кирет.

Мазмуну:

1.Баяндоо, сүрөттөөнү (айлана-чөйрөнү) кайталоо

2.Ал-абалды (адамдарды, айлананы ж. б.) сүрөттөө

3.Ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилери

Баяндоо, сүрөттөөнү (айлана-чөйрөнү) кайталоо

Окуя, көрүнүш, кыймыл-аракеттердин логикалуу, системалуу факты, материалдарга таянылган негизде баяндалышы баяндоо деп аталат. Анда мазмун, сюжет, каармандар болот. Баяндоо аңгеме, жомок, уламыштарда, адабий чыгармаларда пайдаланылат. Ал эми кептин сүрөттөө түрүндө мазмуну, окуясы, сюжети жок болот. Предмет, көрүнүш, айлана-чөйрө, пейзаждын белгилери, касиеттери, сапаттары көркөм сүрөттөлөт.

Мисалы: Күн кеч кирип бара жатат. Аялдамада эл толтура. Бир сааттан бери автобус жок. Тыныгуу мезгили болсо керек. Шашкан адамдар улам саатын карап тынчсызданышууда. Аңгыча аба барган сайын муздап, кар себээлей баштады. Тез эле теребелди аппак кар каптады. Шашкандар автобустан үмүтүн үзүшүп, ак карды жирей жөө жөнөштү.

Мында алгач айлана-чөйрөнүн абалы баяндалып, андан соң сүрөттөлдү, акырында кайра кыймыл-аракет баяндалды. Мунун схема түрүндөгүсү төмөнкүдөй:

баяндоо - сүрөттөө - баяндоо

Айрым учурда айлана-чөйрөнү, анан окуя жөнүндө баяндоо, кайра пейзажды сүрөттөө, анан кайра баяндоо болушу да мүмкүн. Схемасы төмөндөгүдөй:

сүрөттөө - баяндоо - сүрөттөө - баяндоо

Мисалы: Чырмоок күнүгө алгач гүл ачып, салам айтат. Ак гүлү, ак-көгүш гүлү, дагы башка-башка түстөгү гүлдөрү бар. Эгер жанында тынч отурсаң, көз ачкан гүлдөр өз ара сырдашып жаткандай туюлат. Күн төбөгө чыгып, аптабы кокту ичине уюган маалда бала бийик шыраалжындын түбүнө кирип кетет. Гүлү жок болсо да, жыты буруксуган шыраалжын түп-түп болуп бийик өсүп, арасына башка чөптү жолотпойт. Балага калганда дагы артыкча досчулугу бар шыраалжындын: бирөөдөн кагуу жеп, таарынганда, же кусалык көкүрөгүнө толгондо, эч кимге көрүнбөй ыйлагысы келип, шыраалжындын арасына житип кетет. Өпкө-өпкөсүнө батпай солуктаган бала шыраалжындын буруксуган чайыр жытын кере жутуп, салкын түбүндө жатат. Булуттар түпсүз көккө каалгып, оюн курушат. Ошентип, баланы алаксытат, сооротушат. Бир эле булуттан миң түркүн сүрөт көрүнгөнүн тиктеп, жыты буруксуган, көктү жаппаган шыраалжындын түбүндө бала улутунуп коюп жата берет. (Ак кеме)

Ал-абалды (адамдарды, айлананы ж. б.) сүрөттөө

Адамдардын ал-абалын сүрөттөөдө сырткы келбети, тулку бою, кыял-жоругу, баскан-турганы, кийген кийиминен баштап, анын ар кыл турмуштук кырдаалдардагы пcихологиялык ал-абалы, ички эмоционалдык сезимдери ж. б. көркөм сөз каражаттарынын жардамы менен сүрөттөлөт. Көбүнчө адамдын сапаттарын билдирүүдө сын атооч сөздөрдүн түрлөрү, зат атоочтор, сан атоочтор, этиштер, сырдык сөздөр жана башкалар колдонулат.

Мисалы: менин атам узун бойлуу, көк көздүү, ак жуумал, жайык бет, ачык жүздүү, кайраттуу, акылман, камкор, чынчыл, даанышман адам болчу.

Мында адамдын келбети, мүнөзү, оң сапаттары жалаң сын атооч сөздөр менен саналып өттү. Адамдын кулк-мүнөзүн сүрөттөөдө фразеологиялык айкалыштар да колдонулат.

Мисалы: Аңды-дөңдү карабаган — байкабаган, олдоксон адам. Кабак-кашым дебеген — эч нерсеге кайгырбаган адам. Ачуусу мурдунун учунда — бат эле ачууланган адам. Бармагынан бал тамган — чебер, устат, өнөрлүү. Кирпиктен тартса жыгылгандай — абдан арык, алсыз. Кой оозунан чөп албаган — жоош, момун, өйдө карабаган. Жылан өлтурсө, таш алып бербеген — таш боор адам ж. б.

Мына ушундай "кептин турлору" ары ар түдүү, ар сапаттуу касиеттерге ээ экен. Дагы ылдый карай окуй берсениз кошумча маалыматтарды билип аласыз.

Кептин турлорундо ошондой эле салыштыруу, эпитеттер да кездешет. Айлананы сүрөттөөдө жаратылыштын кооздугу, пейзаж, кубулуштар, табияттын ар кыл көрүнүштөрү, бизди курчап турган буюмдар, турак жай, мекеме, ишканалар сүрөттөлөт. Пейзажды сүрөттөөдө салыштыруулар, көркөм боёкчолуу сөздөр арбын кездешет. Ал эми турак жайларды сүрөттөөдө статистикалык маалыматтар менен бирге сүрөттөлөт.

1-мисал: биздин мектеп айылдын дал ортосунда жайгашкан. Ал үч кабаттуу. Класс-кабинеттер — чоң жана жарык. Ар бир кабинетте отуздан балага ылайыкталган орундуктар жайгашкан. Мында мектептин абалы кыска сүрөттөлдү.

2-мисал: Күн чайыттай ачык. Эгин талаасы деңиздей чалкып жатат. Теребел жымжырт. Аба таза. Мында айлана-чөйрөнү сүрөттөөдө, зат атоочтон сын атооч жасоочудай мүчөсүнүн жардамы менен эгин талаасы чалкыган деңизге салыштырылды.

Ой жүгүртүүнүн мүнөздүү белгилери

Ой жүгүртүү — баяндоо, сүрөттөөгө караганда түзүлүш жагынан татаал. Бул кептин илимий стили менен тыгыз байланышта келет. Окуя, көрүнүштөрдүн, табияттын ар кыл кубулуштарынын келип чыгуу шарттарына, өбөлгөлөрүнө байкоо жүргүзүү, алардын себебин, сырларын билүү, ачуу максатында зарыл материалдарды, аргумент-далилдерди суроо коюу аркылуу табуу. Аныгына жетүү, акырында ошолордун негизинде жыйынтыкка, корутундуга келүү, тыянак чыгаруу, издеген суроолорунун жообун, жандырмагын табуу болуп саналат. Ой жүгүртуунүн түзүлүш схемасы төмөндөгүдөй:

Тезис - эмне үчүн? (себеби) - аргумент, факты, мисал, корутундулар - эмнени билебиз? (анткени) - тыянак

Бул - толук ой жүгүртүүнүн көрүнүшү. Айрым учурда ой жүгүртүүдө тезис катышпай калышы мүмкүн. Же тигил, же бул ой жүгүртүүнүн корутундусун чыгарууну окурмандардын эркине калтырган учурлар да болот. Мында тезис, далил, аргументтерге таянуу менен туура жыйынтыкка келүүгө шарт түзүлөт.

Ой жүгүртүү логикалык ойлонууну, суроо коё билүүнү, бир нерсеге байкоо жүргүзө алууну, аны башкалар менен салыштырууга үйрөнүүнү, белги-каcиеттерди же себептерди далилдүү факт, аргументтердин негизинде таба алууга, өз алдынча корутунду пикирге келүүгө, бардык окуя, көрүнүштөргө аң-сезимдүү мамиле жасап, талдай алууга, чыгармачыл ой жүгүртүүгө көндүрөт, түшүнүк, элестөөлөрүн байытат. Илим-билимдин сырларынан кабар берип, анализ, синтез жасоого үйрөтөт.

Мисал: Адам баласы асмандагы канаттуулардан тез, бийик жана алыс учууну эчак эле ойлошкон. Канаттуулардын кандай учканын байкап көргүлөчү. Алар канаттарын бир-эки сермеп, анан асманга учуп чыгат. Оңой эле учуп келип жерге конот. Ал эми самолётко, сөзсүз, аэродром керек. Ансыз самолёттор асманга көтөрүлө да албайт, жерге коно да албайт. Канаттуулардын башка артыкчылыгы да бар. Чабалекей балдарын кандай тамактандырарын көз алдыңарга элестетип көргүлөчү. Чабалекейлер канаттарын тез-тез сермеп, учуп кирерде абада асылып тургандай көрүнөт. Самолёттор антип токтоп тура албайт. Учуп баратканда гана абада боло алат. Ошондуктан самолёттор учушу жана жерге келип конушу үчүн атайын аянтча керек. Самолёттун дагы бир өзгөчөлүгү — эгер мотор иштебей калса, же бир тетиги сынып калса, винттери айлана берет. Ал ошол замат жерге түшүп кетпейт. Акырындык менен төмөндөй баштайт. Айыл чарбасында, өнөр жайда жана турмуштун башка тармактары үчүн да самолёттун практикалык мааниси өтө зор.

"Кептин турлору" жөнүндөгү макалабыз ушундай, муну билип алсаңыз ашыкча болбойт, эгер кыргыз тили боюнча тест же экзамен берип жатсаныз андан бетер табылбайт. Кошумча пикирлер болсо жазып койгула.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)