Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кеплер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кеплер

Кеплер деген ким болгон? Иоганн Кеплер немец астроному, илимде көп жаңы жана маанилүү нерселерди ачкан. Аны бекеринен улуу окумуштуу деп айтышпайт. Иоганн бала чагында чабал жана оорукчан болгон. Ал трактирге келгендерди тейлеп, атасына жардамдашкан. Бирок ал окууга абдан куштар эле. Айылдык мугалим ага мектепке кирүүгө жардам берет. Кийин Кеплер университетте окуп, поп болууга даярданып жатканда Коперниктин окуусу жөнүндө билип калат.

Көрсө, жер жана башка планеталар күндүн айланасында айланат турбайбы! Алардын айлануусунун кандай себептери бар? Бул кыймылды жаратылыштын кайсы закондору башкарып турат? "Иоганн Кеплер" бош убактысын байкоо жүргүзүүгө, эсептөөгө, китеп жазууга жумшаган. Алардын дээрлик ар бири математикада, физикада, астрономияда болгон ачууга тете болгон. Иоганн Кеплер телескопту ойлоп чыгарып, аны өз байкоолору үчүн пайдаланган. Ал планеталардын кыймыл мыйзамдарын ачып, күндүн айланасындагы планеталардын кыймылынын себептери - күндүн тартылыш күчүнөн болот деп эсептеген. Океан менен деңиздердеги суулардын көтөрүлүп жана тартылып туруусун ал дайыма белгилүү бир учурда суунун ушунчалык зор массасын аралашууга мажбур кылган күч - айдын тартылуу күчү деп түшүндүргөн.

"Иоганн Кеплер" жылдын бардык мезгилинде асмандагы планеталардын абалын өтө тактык менен эсептеп чыккан. Ал күн жана айдын тутулушунун таблицасын түзүп, алардын себептерин түшүндүргөн. Ай күн менен жердин ортосунда болгон мезгилде, ай күндү бизге көрсөтпөй жаап калат. Бул күндүн тутулушу болот. Жер күн менен айдын ортосуна туш келгенде, жердин көлөкөсү айга түшөт. Мына ушул учурда ай тутулат. Ушул өңдүү зор ачуулар Кеплерди дүйнөлүк даңкка бөлөгөн.

"Иоганн Кеплер" көптөгөн илимий эмгектерди калтырды (45 томдук басмадан чыккан эмгектерин жана көп сандагы кол жазмаларын). Кеплердин ачуулары астрономиянын өнүгүшүндө зор роль ойногон. Азыркы күндө да окумуштуулар ай, чолпон, марека учурулган космос ракеталарынын басып өткөн жолдорун эсептеген учурда улуу немец астроному тарабынан ачылган планеталардын кыймылынын закондорун пайдаланышат. Кеплер жонундо маалыматты кыргызча дайындаган: Юсупов А.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-12, Көрүүлөр: 1633, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо