Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кенташкаракол гранит кени

Кенташкаракол гранит кени Талас районунда, Каракол менен Кенташ сууларынын кошулган жеринде. Кен аймагында ордовиктин эффузия тоотектери (порфирит, туф-лава) жана аларды жиреп чыккан гранит-порфир интрузиясы жатат. Интрузия түндүк-чыгышка созулуп, узундугу 1,5 км, туурасы 350 мге жетет. Анын түштүк бөлүгү майда жана орточо кристаллдуу кызгылт боз гранит-порфирден турат. Алар бара-бара ири кристаллдуу, күрөң, кызыл гранит-порфирге өтөт. Ири кристаллдар (узундугу 1–15 мм) жалпы массанын 30–40%ин түзүп, талаа шпаты жана кварц минералдарынан турат. Алар ташка өзүнчө бир кооздукту берет. Таш оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы 2 млн м3. Имараттын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарамдуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)