Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кенебаев Керим

Баш барак | Биографиялар | Кенебаев Керим

(1907, Ысык-Көл району, Бостери айылы -1938) - парт. жана мамлекеттик ишмер. Эмгек жолун 1917-жылы атаэнеси өлгөвдөн кийин жалданып ипггөө менен баштаган. Кийин Караколдогу балдар үйүвдө тарбияланган. 1923—25-жылы Алматыда казак-кыргыз педагогикалык техникумувда, Бишкек педагогикалык техникумувда окуган. 1930-жылдан ВКП(б)нын Бишкек шаардык массалык агитация, уюиггуруу бөлүмдөрүнүн, 1931—32-жылы ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун массалык агитация бөлүмүнүн башчысы, кийин Кыргызстан КПнын Алай - Гүлчө, Кызыл-Жар, Каганович райкомдорунун катчысы.

1937жылдан Кыргызстан КП(б) БКнын 2-катчысы. Ошол эле жылдын ноябрь айында БКнын бюросунда анын саясий катачылыгы сындалган. 1938-жылдын мартынан Кыргыз ССР Жер боюнча эл комиссариатынын жылкы чарбасы башкармасынын начальниги. 1938-жылдын май айывда «эл душманы» деген жалаа менен партиянын катарынан чыгарылып, репрессияланган, атылган. К. 1957-жылы толук акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 590, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу