Кемирчек

Кемирчек — тутумдаштыргыч ткандын бир түрү. Ал катуулугу, серпилгичтиги, ийилчээктиги менен айырмаланат. Эң негизгиси жылмакай (гиалин) К. болуп эсептелет. Ал абдан тунук, катуу жана серпилгич келет да, составында 60%ке чейин суу болот. Бул мурун, коко жана бронх К-терин, ошондой эле кабыргалардын төш сөөгүнө бириккен учтарын (сүбөөсүн) түзөт. К. муунда да болот. Анын формасы ай же жарым ай сымал болуп, муундардын бириккен беттерин дал келтирип турат.

Жылмакай К. сөөктөрдүн муун бетин каптап, аларга тийген сырткы күчтөрдү азайтат. К-тин экинчи түрү өтө ийилчээк келип, саргыч болот. Бул К-тен кулак калканы жана кекиртек шакекчелери түзүлөт. К-тин талчалардан турган жана өтө катуу түрү да бар. Мындай К. омурткалардын бири - бири менен, ошондой эле акырек сөөгү менен төш сөөгү туташкан жеринде болот. Сөөктөр мындай катуу К. менен бириккен кезде өтө бекем болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)