Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кемин-Челек тоо

Кемин-Челек тоосу - Иле Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) жана бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоосу Түндүк Теңир-Тоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери жана ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой менен палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн жана башка турат. Капталдарында үбөлөнүү жана гравитациялык процесстер күчтүү өөрчүгөн. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин жана Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Аксуу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы жана гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)