Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кемчет

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кемчет

Кемчет деген эмне? "Кемчет" өтө кызык айбан. Бул жандыктын орусча аталышы "Бобёр". Өзөн сууларды бууп, кадимкидей плотина курган, токойго арык казып суу алып барган, жоон дарактарды араа-балтасыз кыйган, өзүнө турак үй (ийин) салган мындай бир да жаныбар жок. Кемчеттердин чырпыктан чебердик менен куруп, ылай менен аябай бүтөп, чыптаган плотинасын өзөндөгү ташкын да буза албайт. Плотина курулуп бүткөндөн кийин өзөндүн суусу көтөрүлүп, токойдо чоң көлмө пайда болот. Көлмөнүн орто ченинде кемчеттин ийни бар. Ал плотинадай эле бутактардан курулуп, ылай менен тыгыздалып чыпталган. Анын бийиктиги 2 мдей, ал эми түп жагынын диаметри 3 мден ашык. Кемчеттер көлмөдөгү суунун деңгээлинен ийинин оозу дайыма суу астында болгондой кылып көтөрүшөт. Ошондо анын ийинине эч ким кире албайт. Ийиндин ичи жылуу, кенен.

Кемчеттер күндүз анда жатып, кечинде токой кыюуга жөнөшөт. Кемчет жонундо маалыматты улай айтсак, "кемчет" байтерек же мажүрүм талды таап, тегерете кемире баштайт. Дарак аз-аздан кемирилип акыры кулап түшөт да, ордунда учтуу дүмүр калат. Ушундай дүмүрдү көргөндө бул кемчеттин иши турбайбы - деп жаңылбай айтса болот. Кыйылган даракты кемчеттер тыкандык менен жыйнап алышат: бутактарын бутап, сөңгөгүн бир нече бөлүккө бөлүшөт. Мунун баарын көлмө аркылуу калкытып алып барып, үйүнүн жанына чоң үймөк кылып жыйып коюшат.

Бул - алардын кышкы азыгы. Суук түшүп, көлмө тоңгондо кемчеттер үйүндө байтеректин, кайыңдын, мажүрүм талдын кабыгын, жаш бутактарын ыракаттанып кемирип олтурушат. Көлмө жээгиндеги дарактар кыйылып бүткөндө алар токойду көздөй арык каза башташат. Арык терең, узундугу 100 мге чейин жетет. Эми кемчеттер бул арыктын боюнан кышка азык камдап, үйүнө агызып келип турушат. Кемчеттер ийинде кыштап чыгышат, ал эми жазында кичинекей кемчеттер туулат.

Алар экөө, үчөө, кээде гана бешөө болот. Кемчеттин бир эле баласы да болушу мүмкүн. Күзгө чейин алар чоңоюп, көбөйө түшкөн эмгекчил үй-бүлө плотинаны жапырт оңдошуп, үйдү тартипке келтиришет. Жаңы арык казып, кышкы азыгын камдашат. Кичинекей кемчеттер экиге толгондо өз алдынча саякатка чыгышып, өз турагы үчүн ыңгайлуу жер издеп табышат.

Ошентип, токойдогу өзөндө дагы бир жаңы плотина тургузулуп, жаңы үй пайда болот, токойду көздөй жаңы арыктар казылат. "Кемчет" териси өтө баалуу. Бул тери өтө жылуу, кооз, бекем, суу жукпас. Бир кезде терисине кызыгып кемчеттердин дээрлик баарын кырып жиберишкен. Бул сейрек учураган жана кымбат баалуу жаныбарларды сактап калуу үчүн көп иш жүргүзүүгө туура келди. Коруктар уюштурулуп, аларга анчылык кылууга тыюу салынды. Натыйжада кемчеттер кайрадан көбөйө баштады. Аларды башка жерлерге алып барып, байырлаштырса да болот. Кемчет кандай жаныбар экенин кичине болсо дагы пайдалуу маалымат бердик деген үмүттөбүз. Кыргызчалап дайындаган Аскарбекова Айдана.
Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-11, Көрүүлөр: 1430, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо