Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Келлнер-Хайнкеле Барбара

Келлнер-Хайнкеле, Барбара (немисче - Barbara Kellner-Heinkele, орусча - Кельнер-Хайнкеле) - заманбап немис чыгыш таануучусу, профессор.

Барбара Келлнер-Хайнкеле 1942-жылы 13-февралда туулган.

Эне тилинен (немис) тышкары, англис, француз, осмон түрк, азыркы түрк, фарсы, орус тилдерин билет.

АКШдагы Индиана университетинде чыгыш таануу тармагы боюнча окуган. Осмон түрк, фарсы булактары боюнча адис.

Германиядагы таанымал чыгыш таануучу, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле бир катар жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде чыгыш таануу жана түрк таануу тармактарын жетектеп келди.

Барбара Келлнер-Хайнкеленин илимий жетекчиси Денис Сайнор 1953-жылы "Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны" (ПИАК) деген уюмду уюштурат. Барбара да ага мүчө болуп калат. Кийинчерээк, 1990-жылдардан тартып, бул уюмдун жылдык жыйындарын уюштурууда Сайнорго көмөк көрсөтүп келет. 2009-жылдан тартып профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле ПИАКты жетектеп калды.

Кыргыз чыгыш таануучуларын (тилчи, тарыхчы, этнограф ж. б.) да ПИАКтын ар кыл жыйындарына ургаалдуу тартты.

Кыргызстанда бир нече жолу илимий сапарда болгон.

Немис, англис, орус жана башка тилдерде бир катар монографиялары жана макалалары жарык көрдү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)