Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Келген жок

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Келген жок
СөзүКубанычбек Маликовдуку
ОбонуМукан Рыскулбековдуку

Too томсоруп чөл боздой,
Убайым жайын жел козгой.
Узаткан ой, узаткан эй, жарды майданга,
Келиндер санап жол тосо (ой)
Келиндер самап жол тосо.

Атасы кеткен бирөөнүн,
Айылына кайра келбеди.
Бешикте жаткан баласын,
Бир жолу чиркин көрбөдү.

Агасы кеткен бирөөнүн,
Үйүнө тирүү келген жок.
Үйрүлүп турган баланын,
Өскөндө сыйын көргөн жок.

Баласы кеткен бирөөнүн,
Жадырап кайра келген жок.
Жайкалган аппак сакалдуу,
Атасы уулун көргөн жок.

Бүкчүңдөп уулум келет деп,
Сары май каткан энеси.
Жол карай караан көрө албай,
Суугандай болду денеси.

«Кош болгун жаным» - дегендин,
Эчени кайра келген жок.
Бозоруп жүргөн жарлардын,
Бет жууган жашын көргөн жок.

Кан төгүп турган майдандан,
Канчалар келбей калгандан.
Канкордун жолу тосулуп,
Калды эле аман биздин жан.

Эстейли атын ар качан,
Майдандан келбей калгандын.
Эл үчүн болот эр курман,
Эсеси ушул армандын.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 15396, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу