Келдибекова Шербет

Келдибекова Шербет - Акын.



Шербет Келдибекова Кочкор районунун Ак-Кыя кыштагында 1949-жылы 15-декабрда туулган.

Орто мектепти бүтүргөндөн кийин китепканачы болуп иштеген.

1968-жылы Фрунзедеги В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетине кирет.

Чыгармачылык жолу 1969-жылы башталган.

«Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеген.

1992-жылы жүрөгүнө операция жасалып, ден-соолугуна байланыштуу иштебегени менен чыгармачылыгын улантып ыр жазып келет.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чырагдан: Поэзия. – Ф.: Мектеп, 1976. – 36 б.

Ата конуш – сыймыгым: Поэзия. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.

Терезелер: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 68 б.

Сен жарыгым..: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 76 б.

Кербен: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2005 – 286 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)