Кекечтик

Кекечтик — сөздүн муунун, тыбышын эрксизден токтоп же кайталап айтуу менен мүнөздөлгөн сүйлөөнүн бузулушу. Адатта мектеп окуучуларында, айрыкча эркек балдарда көп учурайт. К. катуу коркуудан, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан, жугуштуу оорулардан, мээге доо кеткенден болушу мүмкүн. Айрым учурда К. ата - эненин, бир туугандардын, башка балдардын туура эмес сүйлөгөнүн туурагандыктан да болот. Көбүнчө нерв системасы бошоң балдар кекеч болушат. Үй-бүлөдө жана балдар чөйрөсүндө жакшы шартта дарылануусуз эле сүйлөө калыбына келиши мүмкүн, бирок жетилген куракта деле кала берет, а түгүл күчөйт. 25—30 жаштан кийин К. адатта азаят, улгайган адамдарда сейрек кезигет. Кекеч балдар өздөрүнүн бул кемчилигинен элден оолактап, корунушат, чоочун кишилердин көзүнчө сүйлөөдөн тартынышат, кекечтенип жатканда кызарып, уялып, тердеп кетишет. Мындай учурда К. ого бетер күчөйт, сүйлөө эрксизден кол буттун, бел булчуңдарынын кыймылдары менен коштолот. К-ти дарылоону мүмкүн болушунча эрте баштоо зарыл.

Баарыдан мурда үй - бүлөдө жана балдар арасында көңүлдүү, мээримдүү, жакшы шарт түзүү керек. Кээде чөйрө алмашканда (мисалы, башка мектепке которулганда) К. жок болуп кетиши мүмкүн. К-ти логопед дарылайт, атайын программада сабак өтөт. Кээ бир балдарга организмин чыңоочу жана тынчтандыруучу дарылоо жүргүзүлөт. Эрте жана үзгүлтүксүз дарылоодон К. толук айыгышы же кыйла азайышы мүмкүн.

Комментариев: 2 RSS

1 Наргиза 01-12-2017 11:38

Мен кекечтенип суйлойм,эмне кылыш керек

2 Менин атым Али 24-02-2018 23:37

Мен ушу 5-6 жашымда коркуп кекеч болуп калгам, мен азыр 16 жаштамын ушул убакытка чейин кекечтенип келе жатам. Болок ботон чоочун адамдар менен суйлошуп жатканда кыйналып эки созду бириктире албай сорго суйлоп журомун, Дос балдар классташы балдар менен коп суйлошом албай озумду алар менен маектешуудон Алыс алып журом дагы деле Ошондой. Сураныч!! Мага акыл айтып койунуздарчы!! Кандай дарыларды ичсе болот, кандай врачтарга барыш керектигин.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)