Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Казыкты көздөрдү жумуп кагуу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда казыктар, балталар колдонулат.

Оюнчулар бир колдоруна казыктарын, экинчи колдоруна балталарын алышып, аянтчадан кеңири орун алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар көздөрүн жумушуп, казыктарды белгилеген жерге чейин бат кагууга аракеттенишет. Оюн оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Казыкты белгиленген жерине чейин бат каккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот,

Оюндун башка түрлөрү. Казыкты таш менен кагуу, казыкты бакан менен кагуу, казыкты бут менен кагуу.

Бир бириңе жакын турууга, тоскоолдук кылууга, буйруктан мурда аракеттенүүгө, көздөрдү ачууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө - оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси - оюнда күчкө толот, кыймылдарды аткарууга үйрөтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)