Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Каз таңдай өрүмү жана каймак бышкыч

Каз таңдай өрүмү — эски өрүмдүн бир түрү. 7—9—11 тал көк тилет. Муну менен басмайыл да өрүлөт. Мисалы, жети талдан тилип өрмөдө ортосуна кобул (жик) түшпөй, туташ өрүлүп, «жылаан боор өрүмүнө» окшош жалпак түшөт. Каймак бышкыч — жыгач идиштеринин бири. Түспөлү челектен бөлөкчөрөөк, бою сокудан да, челектен да узун болот. Анын бийиктиги 80—100 см дей жасалат. Бул ашкана буюмунун үч-төрт жеринде муунагы, бел куру (алкагы) бар. Ал темирден, көбүнчө талдан ийилет. Чабактары кудум челектей бекитилип, ичкелиги менен андан айырмаланат.

Идиштин бишкеги сабаа бишкегине түспөлдөшөт. Анын узундугу 80—90 см, диаметри 13—15 см келет. Сүт сыртка чачырабагандай кылып, идиштин капкагын жаап, күпүлдөтө бышат. Муну Түштүк Кыргызстандын айрым жерлеринде «күү-күү» деп атайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)