Каз таман, казтаңдай, кызыл мыя жана мээр чөп

Каз таман — көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыр сабагы жакшы өөрчүгөн. Каз таман ачык нымдуу жерлерде, бадалдардын арасында өсөт. Медицинада тамыр - сабагы жана тамыры колдонулат. Аны күзүндө (август—сентябрь) же жазында (март — май) жыйнап алат. Андан алынган препарат ичегикарындын сезгенүүлөрүн дарылоодо, ангина, оозул болгондо оозду чайкоо жана кан токтотуучу зат катары, ошондой эле түрдүү гинекологиялык ооруларда колдонулат. 20 г кургатылып, майдаланган тамыр-сабагын 0,5 л сууга 10 мин. кайнатып, чыпкалап күнүнө 3 жолу бир кашыктан ичилет.

Казтаңдай — көп жылдык тамыр сабактуу чөп өсүмдүк. Биздин өлкөдө кеңири таралган; токой, талаа шалбааларда өсөт. Кыргызстанда азия жана биберштейн каз таңдайы кеңири тараган. Медицинада каз таңдайдын чөбү жана топ гүлү дары катарында колдонулат. Жалбырагында жана гүлүндө эфир майы, ачуу даамды берүүчү — алкалоид, витамин К, уксус, кумурска кислотасы бар. Каз таңдайдын чөбүнүн ачытылган маңызы гастритте, тамакка табитти жогорулатуу жана кан агууну токтотуу үчүн пайдаланылат.

Кызыл мыя — жапайы өсүмдүк. Тамыр-сабагынан жана тамырынан какырык чыгаруучу жана ич алдырма, ошондой эле сезгенүүгө жана спазмга каршы колдонулуучу каражат алынат. Мээр чөп (женышень) — көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры жоон, маңыздуу, адамдын тулку боюна окшошуп кетет, ошондуктан кытайча «женьшень» — киши тамыр деп аталат. Кытайдын түндүк чыгышында, СССРде — Приморье, Хабаровск крайында, Уссириянын токойлорунда кездешет.

Мээр чөптүн тамыры медицинада кеңири колдонулат. Андан алынган дары (тундурмасы, күкүмү) артерия кан басымы төмөндөгөндө, өтө чарчаганда, неврастенияда сергитүүчү каражат катары, ошондой эле адамдын ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жүрөк-кан айлануу системасынын бузулушунда, жыныс бездеринин иши начарлаганда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)