Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каз

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Каз

"Каз" - суучул куш. Алардын моюну узун, буттары кызыл же сапсары болот. Майпаңдап салабаттуу басышат, бутунун алды жакка караган үч манжасынын арасында сүзүү үчүн жаргактары бар. "Каз" сууда жакшы сүзөт, а бирок кез-кезде гана чумкушат, суу астында көпкө жүрө алышпайт. Тумшугу чоң, жазы, бекем болот. Чөп, жалбырак, мөмө-жемиш менен тамактанышат. Казды адам илгери эле колго үйрөтүп алган. Анын жүрүм-турумуна карап аба ырайын билишкен: Эгер канатуу сууга бат-бат чумкуса - жамгыр жаайт, бир буттап турса же башын канатына катса, катуу суук жүрөт.

Байыркы жыл баяндарынын баары каздын канатынан жасалган калемдин жардамы аркылуу жазылган. Аны Ломоносов, Пушкин, Гогольдор колдонуп, жазышкан. Табиятта бакма анан жапайы каздар кездешет. Бакма каздар көбүнчө ак түстө болушат. Боз каздар да жок эмес. Булардын курсак жагы ак, ал эми тумшугунун бел баскагы шишимик тартып, дөмпөйүп турат. Жапайы каздар - кыштын, жаздын кабарчылары.

Түндүктү көздөй учуп бараткан каздардын тобун көрсөңөр жакында жаз келет деп билгиле. Ал эми түштүктү көздөй топтошуп учса - кыштын жакындап калганы ошол. Жапайы "каз" жуп болуп жашайт. Уя салуу үчүн жерден кандайдыр бир ылайыктуу чуң-курча таап, анын ичине чөп төшөшөт. Айрым көлдөрдө каздар суу үстүндө калкып жүргөн дөңгүлчөлөрдү уялашат. Ургаачы каз 5-8 жумурткасын басып, балапан чыгарып, аларды багып торолткуча эркек каз уянын тегерегинен чыкпай, аларды душмандарынан коргойт. Жапайы каздар тундраны, токой, тайга, тоо, талаалардагы көлдөрдү мекендеп, Каспий жана Кара деңиздердин жээктеринде кышташат. Алардын 8 түрү белгилүү. Каз жонундо маалымат, каз деген эмне ушул суроолорго жооп алдыңызбы? Кошумча маалыматтар "Каз атуу жыйнагыбызда"

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2040, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу