Касымбеков Мырза Фазылбек

Касымбеков Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14.02.1919, Ош) – тарыхчы, чыгыш изилдөөчү, географ жана саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. О. Азия жана коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, этнографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын башында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Тибет, Гиндикуш, Памир (1888–89), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–04) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык жана башка коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары менен сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсептелет. 1911–13-жылдары Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдары Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетектеген. 1917-жылы уулу Санжар Касымбеков менен бирге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар тарабынан колдуу болуп өлгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)