Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Касымалы Жантошов

Баш барак | Биографиялар | Касымалы Жантошов

Касымалы Жантөшев (1904-жыл, 2-сентябрь [15-сентябрь]) Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тепке айылы — 1968-жыл, 13-август, Фрунзе шаары) — кыргыздын адабий жана коомдук ишмери, жазуучу, драматург, котормочу, актёр, режиссёр. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери (1946), Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1968), СССР жазуучулар союзунун мүчөсү (1934).

Касымалы Жантөшев
Касымалы Жантөшев
Төрөлгөн датасы1904-жыл, 2-сентябрь [15-сентябрь]
Төрөлгөн жериКыргызстан, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тепке айылы
Ишмердүүлүгүжазуучу, драматург
Багытсоциалдык реализм
Жанрпроза
Каза болгон датасы1968-жыл, 13-август (63 жаш)
Каза болгон жериФрунзе шаары (азыркы Бишкек)

Өмүр баяны

Касымалы кичинесинен эле чыйрак, сергек өскөн. Үй жумуштарына көп жардам берген, кой кайтарган. Туулуп өскөн Тепке айылындагы куудул, сөзмөр, жомокчу адамдар Касымалыга абдан таасир этип, анын көркөм сөзгө болгон шыгын ойготкон. Өзгөчө кошокчу Бурма деген жеңесинин тийгизген таасири зор. Кыштын узун түндөрүндө Касымалы жеңесинен ар кандай уламыштарды көп уга турган.

Касымалы Жантөшев

Касымалы Жантөшев 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн «Тепкедеги жаңы мектеп» деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедеги педтехникумда окуган.

1926-жылы кыргыз музыка-драмалык студиясына келечек артист катары А. Куттубаев, А. Боталиев, С. Сабаев, К. Эшимбеков менен бирге кабыл алынып, ал жакта бир нече роль аткарып, өзүнүн биринчи пьесалары:, «Койчулар», «Карачач», «Алым жана Марияларды» жазган. Мында, Фрунзедеги (Бишкек) педтехникумда окуп жүргөндө эле «Койчулар» аттуу пьеса жазып, анын башкы ролун өзү аткарган.

В 1930-жылы Фрунзе шаарындагы (Бишкек) педагогикалык техникумду бүтүрүп, Кыргыз педагогикалык техникумда окутуучу болуп эмгектенген. Бир нече убакыт айылдык кеңештин төрагаларын даярдоо курстарында окутуучу болгон.

Жердигинен куудул, сөзмөр Касымалы өзүн артисттик өнөрдө да сынап көргөн. 1934-1948-жылдары ал Кыргыз драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. Бул бекеринен эмес эле, анткени анын чыгармачылык жолу да драма жазуудан башталган. Ошол мезгилдеги кесиптеш-артисттеринин маалыматы боюнча ал татаал, өзгөчө интеллектуалдуу ролдорду жакшы аткарган.

Касымалы Жантөшев 1930-жылдардын башында методист, районо башчысы, мугалим катары иштейт.

1948—1949-жылдары Кыргыз басмасында редактор болуп, 1943-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясына (орусча ВКП (б)) кабыл алынган. 1949-жылдан 1951-жылга чейин — Кыргыз ССР Наркоматынын искусство боюнча башкармалыгынын башчысы, 1964—1968-жылдары — Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык жамаатында башкы редактор.

1968-жылдын 13-августунда каза болуп, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы

Адабий ишмердүүлүгүн 1926-жылы баштаган. Андан кийин педагогикалык техникумда окуп жүргөн жылдарында адабий ишмердүүлүгүн улантып, драмалык кружокко бир катар ыр-саптарды, бир актылуу пьесаларды жаратат.

Кыргыз драма театры К. Жантөшевдин «Карачач» аттуу пьесасы менен ачылган. Бул жерде чыгармачылык ишин адегенде эле драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган.

1926—1927-жылдары «Койчулар», «Түштө» деген бир актылуу, 1928-жылы «Карачач», «Алым менен Мария» аттуу көп актылуу, пьесаларды жазган. 1927-жылы жазылган «Лениндин уулу», «Түшүмдө», «Биз — комсомол» деген пьесалары студенттик ийримде, «Карачач» 1929-жылы, «Алым менен Мария» 1930-жылы театр студиясында коюлган.

Бир нече прозаикалык чыгармалардын жана кырктай пьесалардын автору, алардын ичинен белгилүүлөрү: «Карачач» (1928), «Эки жаш» повести (1938), элдик эпостун мотивдери боюнча жаратылган «Курманбек» драмасы (1942), Токтогул Сатылгановго арналган «Эл ырчысы» аттуу чыгармасы (1945), элдик оозеки чыгармачылыктын мотивдери боюнча жазылган «Мендирман» поэмасы (1957).

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Курманбектен» тышкары «Өч» аттуу драманы жазды.

Ал эми «Курманбек» драмасы кыргыз улуттук маданиятынын алтын казынасына кирип, азыр да республиканын театрларында коюлуп келет. Анын «Тилек», «Ашуу ашкан суу» (1955) аттуу илимий-фантастикалык повесттери, элдик жомоктордун негизинде жазылган «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар», «Акылдуу бала», «Эркин адашканда» сыяктуу көптөгөн аңгемелери жана жомоктору балдардын сүйүктүү китептеринен болуп калды.

Мындан тышкары «Хан Теңирлик чабан» аттуу романы да белгилүү.

К. Жантөшевди чоң прозаик катары тааныткан жана аны окурмандарга кеңири белгилүү кылган 4 китептен турган кызык окуялуу «Каныбек» романын жазган. Бул романды жазуу үчүн жылдай эмгектенди.

Революцияга чейинки кыргыз элинин жашоосу чагылдырылган романдын алгачкы эки китеби 1939-1941-жылдары, калган бөлүмдөрү 1940—1950-жылдары жазылып, автор тарабынан муруңку китептери дагы бир сыйра иштелип, анан 1950-жылдары алты бөлүмдөн турган эки чоң китеп түрүндө жарыкка чыккан. Роман орус тилине которулуп, эки жолу массалык нуска менен жарыяланды.

«Каныбектин» сюжети боюнча, автор тарабынан драма жазылып, театрга коюлган. 1970-жылдардын аягында романдын бир бөлүгү кинофильм түрүндө элге тартууланган.

1960-жылдары «Менин тагдырым, «Биздин секретарь», «Айып мендеби?» повесттери чыккан.

Касымалы Жантөшев көркөм которуунун чебери катары дагы белгилүү. Жазуучу тарабынан кыргыз тилине Александр Николаевич Островскийдин «Бесприданница» пьесасы, Николай Алексеевич Островскийдин «Болот кантип курчуду» (1940) романы, М. Лермонтовдун «Ырчы Кериби» (1938), Г. X. Андерсендин «Кебетесиз балапаны» (1938) жана «Дюймовочкасы» (1939) которулган.

Кинодраматургия жанрында кыргыз жазуучуларынын арасынан биринчи болуп чыккан. «Тянь-Шандык кыз» жана «Каныбек» фильмдеринин сценарийинин автору болуп, бул тасмалар «Кыргызфильм» студиясында экрандаштырылган.

Сыйлыктары жана наамдары

Эстелик

Тандалма чыгармалары

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 28303, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу