Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Касымалиева Шайыр

' Касымалиева, Шайыргүл Зарлыковна – театр жана кино артисти.

Шайыр Касымалиева артисттик үй-бүлөдө туулган. Атасы Зарылык Касымалиев талантуу актер, апасы Гүлнар Суранчиева жөндөмдүү артистка жана шыктуу бийчи болгон.

Шайыр орто мектепти Фрунзе шаарында аяктаган.

Бала кезинен тартып эле артисттик үй-бүлөдөн болгондон кийин, Шайыр театр чөйрөсүндө чоңойгон.

Мектепти аяктагандан кийин 1984-жылы Москвадагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына окууга өтөт.

Театр окуу жайын 1989-жылы аяктап келип, курсташтары менен Кыргыз Өкмөтүнүн чечимине ылайык кайрадан ачылып жаткан Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) кызматка алынат.

Шайыр 1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кызматка кирет.

Ошондон тартып Шайыр ушул театрда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.

Шайыр театрда, жаш курагында көбүнэсе лирикалык героиняларды аткарган.

Актриса сахнада назик, табияты өтө жумшак көрүнөт. Ошондуктан ага дайыма анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө жана шык дараметине жараша лирикалык пландагы ролдор ыйгарылган.

Маселен, Жульетта, Гүлүсүн сыяктуу ролдор, акыйкаттан эле актрисанын жеке табиятына өтө жакын турушат.

Бирок, ал кыргыз көрүүчүлөрүнө биринчи кезекте кино аркылуу таанылды.

Ч. Айтматовдун "Бетме-бет" повестинин негизинде тартылган "Куш өмүр" фильминде ойногон Сейденин ролу менен Шайыр кыргыз элине дайын болду.

Бул фильмден кийин да актриса бир нече кинолорго тартылды.

Сейде ("Куш өмүр")

Кошокчу ("Кошокчу" )

Заринанын апасы ("У любви свои небеса")

Эне ("Он үч жашар баланын арманы")

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти .

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)