Касым Тыныстанов (1901-1938)

Совет доорунда өсүп-өөрчүгөн кыр - гыз маданиятынын тарыхында Касым Ты - ныстановдун өзгөчө орду бар. Ал - улуттук тил илиминде, көркөм адабиятта, эл агар - тууда, саясатта өчпөс из калтырган инсан. Касым Тыныстанов - акын, про - зачы драматург, адабиятчы жана коомдук ишмер, 1901-жылы Ысык-Көл районунда Чырпыкты айылында туулган. Кыргыз Совет адабиятына жана жазуусуна негиз салуучулардын бири. Айылдык молдодон, өзбек, орус-тузем мектептеринен билим алган. Окуучу кезинде татарча, өзбекче, казакча, орусча адабий чыгармалар менен таанышты. Студент убагында дүйнөлүк көркөм сөздүн, орус классикасынын, кыргызча тектеш тилдерде жа - ралган адабияттардын тажрыйбасын аздыр-көптүр өздөштүрдү. 1924-жылы Ташкент шаарынан кыргыз-казак агартуу институтун бүткөн. Анын ишке болгон жөндөмү эң мыкты болгон. 23 жашында алгачкы окуу китебин бир айдын ичинде жазып бүтүргөн. Ал кыргыз эли билимдүү болуш үчүн көп иштерди жасаган. Ал 1924-жылы кыргыздардын туңгуч гезити "Эркин тоо - нун" редактору, 1926-жылы Кыргыз эл комиссары (министри), 1935-жьшы профессор болгон. Латын алфавитинин негизинде кыргыз алфавитин түз - гөн. Анын "Эне тили", "Кыргыз тилинин морфологиясы", "Кыргыз тили - нин синтаксиси", "Чоңдор үчүн алиппе" эмгектери, "Ысык-Көл", "Жай - лоо", "Комуз", "Жаз", "Кыш" деген ырлары "Жаңыл Мырза" деген поэма - сы жарык көргөн. Бирок, ал отуз жети жыл гана жашаган. К. Тыныстанов 1928-1936-жылдары газета-журналдык макалаларда, партиялык токтомдор - до, республикалык даражадагы ар кыл чогулуштарда "улутчул", "байчыл", "контрреволюциячыл" дегендей жаманаттылар менен кайра-кайра карала - нып, ал эми 1937-жылы "Эл душманы" деген жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен. 1989-жылы Касым Тыныстановдун ин-. сандык жүзү, саясий чыгармачыл ишмердиги толук акталды. К. Тыныстанов кыска өмүр сүргөн, бирок анын өмүрү бир жагынан тынымсыз окуп-үйрөнүү, чыгармачылык түйшүк, илим издөө менен өтсө, бир жагынан мамлекеттик-партиялык куугунтук, басым, кысым ичинде өткөн. Ошон үчүн анын адамдык тагдырына да, чыгармачылык жолуна да зор трагедиянын тамгасы басылган. Демек, анын өмүрү кандай кыйын өтсө, чыгармачылык мурасынын эл-журтуна кайрылып берилиши да ошондой эле драмалуу болду. 1991-жылы К. Тыныстановдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына Чырпыкты айылында анын адабий-этнографиялык музейи уюштурулган, жазуучунун образы биринчи жолу скульптурада жасалган, "Кызыл про - фессор" (Авт. А. Чекиров) деген пьеса жазылып, 1997-жылы Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы драмтеатрында коюлган.

Жаз

Жер гүлдөдү жайнады,

Ак кепинден кутулуп,

Оргуп, мөңкүп, кутуруп,

Суу каптады сай-сайды.

Келгин куштар күү менен,

Жаз саламцгн сайрашты.

Түркүн сонун үн менен,

Сызгырылтып айдашты.

Чымын-чиркей чээндеги,

Угуп чыкты ызылдап.

Баарында жаз эмгеги,

Ишке кирди быжылдап.

Арык-торук кылтылдап,

Араң чыккан кыштагы.

Даң салышып жылтылдап,

Даакы жүнүн таштады.

Жан жаныбар көбөйүп,

Жалпы жайык төлдөдү.

Элдин пейли кеңейип,

Айран, жуурат көбөйдү.

Баарына да дем кирген,

Баары майрам, баары мас

Жалпысына жан берген,

Жаркыраган сулуу жаз!..

Кыш

Ызгаар менен үшкүрүп,

Жетип келди кары кыш,

Жандыктан кан бөксөрүп,

Калтылдады кетти күч.

Байчечекей жайнагаң,

Өлдү, солду, айтты:

"Кош!" Жаздай бизде сайраган,

Отор кетти келгин куш.

Тегиз кепин оронду,

Токой да аппак, тоо да аппак.

Суу четинде муз тоңду,

Терең кетти ак чабак.

Кардан бутак кайышып,

Качырады, ыйлады.

Күч бере албай майышып,

Өлүм ырын ырдады.

Маймак аюу дардактап,

Жазды жаздай тойлогон.

Согончогун кучактап,

Алда качан сойлогон.

Жалгыз айылга каралап.

Жутап келди мал колго.

Ууру, бөрү сагалап,

Кирип келди короого.

Качан кетет кары кыш?

Качан гүлдөр жайнашат?

Отор кеткен акын куш,

Качан келип сайрашат?

Кыргыздын Ала-Тоосу

Жайы-кышы кетпеген,

Мөңгүсү бар Ала-Тоо.

Асман менен тирешкен,

Белгиси бар Ала-Тоо.

Балдан ширин туптунук,

Булагы бар Ала-Тоо.

Тукабадай кулпунган,

Туланы бар Ала-Тоо.

Аскалардан ышкырган,

Улары бар Ала-Тоо.

Ак пахтадай чубалган,

Туманы бар Ала-Тоо.

Ала барчын, курч текөөр,

Бүркүтү бар Ала-Тоо.

Таштан ташка секирген,

Түлкүсү бар Ала-Тоо.

Арча, кайың, карагай,

Четини бар Ала-Тоо.

Асман тарап өстүргөн,

Көкүлү бар Ала-Тоо.

Ала-Тоонун арасын,

Айбандары жойлогон.

Аюу, жолборс, сүлөөсүн,

Аралашып ойногон.

Кекилиги, чилдери,

Кызыл-тазыл гүлдөрү,

Көңүлүңдү көтөрөт,

Куштун салган үндөрү.

Маң-маң баскан чуудалуу,

Төөлөрү бар Ала-Тоо,

Топ-топ болуп ээрчишкен.

Чөөлөрү бар Ала-Тоо.

Жаркыраган күмүштөй,

Кары сонун Ала-Тоо.

Салкын жели бетке урган.

Таңы сонун Ала-Тоо.

Жаш бетеге оттогон,

Малы сонун Ала-Тоо.

Куйрук-жалы төгүлгөн,

Кулан сындуу семирген.

Жүгүргөнү шамалдай,

Кулун, тайлар элирген,

Жылкысы бар Ала-Тоо.

Алтын, күмүш эшилген,

Кендериң бар, Ала-Тоо,

Көздөгөнүн койбогон,

Мергениң бар, Ала-Тоо.

Душман жойлоп өтпөгөн,

Чебиң сонун, Ала-Тоо.

Тулку бою темирдей,

Элиң сонун, Ала-Тоо.

Комуздарын сайраткан,

Ырчыларың, Ала-Тоо.

Аска менен жүгүргөн,

Уучуларың, Ала-Тоо.

Балбылдаган көздөрү,

Кыздарың бар, Ала-Тоо.

Асман менен айланып,

Учканың бар, Ала-Тоо.

Канча кылым картайган,

Жашардың го, Ала-Тоо.

Кайгы кетип ичинден,

Тазардың го, Ала-Тоо!

Ай-ааламды асмандын,

Тең карайсың, Ала-Тоо.

Алтын нурун жиберип,

Сен карайсың, Ала-Тоо.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)