Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Касым Тыныстанов

Баш барак | Биографиялар | Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-жыл, азыркы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылы, ошол кездеги Орус империясынын Кыргыз ССРинин Семиреченс облусу, 6-ноябрь 1938-жыл) — кыргыз илимпозу, тилчи, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын алфавитинин негизинде кыргыз алфавитин негиздөөчүсү жана түзүүчүсү (1927—1940). Араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Улуттук тил илиминде, көркөм адабиятта, эл агартууда, саясатта өчпөс из калтырган инсан.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Касым Тыныстанов
Туулган күнү10-сентябрь 1901-жыл
Туулган жериЫсык-Көл району, Чырпыкты кыштагы
ИшмердүүлүгүИлимпоз, тилчи, акын, мамлекеттик ишмер
Академиялык наамыпрофессор
Акыркы иштеген жериМ. В. Фрунзе атындагы Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу
Өлгөн күнү6-ноябрь 1938-жыл
Коюлган жериАта-Бейит мемориалдык комплекси
ПартияСоветтер союзунун коммунисттик партиясы

Силер окуган Эне тили китебин алгач ким жазганын билесинерби? Ал кыргыз элинии тунгуч илимпозу, Кыргызстандан чыккан биринчи профессор (1936) Касым Тыныстанов болгон. Азыркы улут адабиятын, тил илимин, журналистикасын негиздеген, кыргыз алфавитин түзгөн. Акын, прозачы, драматург, адабиятчы жана коомдук ишмер катары таанылган.

Анын ишке болгон жөндөмү эң мыкты болгон. 23 жашында алгачкы атылуу «окуу китебин» бир айдын ичинде жазып бүтүргөн. Бирок ал 37 жыл гана өмүр сүргөн. Эл душманы деген жалган жалаа менен 1937-жылы камалып, 1938-жылы атылып кеткен. Ушундан улам анын аты далай жылдарга айтылбай, эмгектери пайдаланылбай келген.

Кээ бир маалыматтар боюнча атасы эскиче кат тааныган адам болгон. Ошондуктан баласын билимдүү кылууга көп аракет кылган. Орус, кыргыз, өзбек тилиндеги мектептерден билим алып, 1916-жылкы көтөрүлүштөн улам ал окуусун толук бүтүрө албай калган.

Өмүр баяны

Жарык дүйнөдө чагылгандай жашап өткөн чыгаан жигиттерибиздин бири Касым Тыныстанов Маркатай уулу Тыныстан менен Арпабектин уулу 1901-жылы Чырпыкты кыштагында жарык дүйнөгө келген.

1913-1914-жылдары Сазановка (азыркы Ананьево) кыштагында мусулман мектебинде окуган. 1914-1916-жылдары азыркы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орус-тузем мектебинде билим алган.

1916-жылы кандуу үркүндө кытайга ата-энеси менен кошо качкан. 1917-жылы октябрь революция жеңгенде, кайра туулуп өскөн жерине кайткан.

Ал билим алуу үчүн Алматыга жөө кеткен деген кептер бар. 1919-1924-жылдары Алматыдан атайын жолдомо алып, Ташкен шаарына келип, казак-кыргыз агартуу мектебинен (институтунан) билим алат. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз элинин адабиятын, маданиятын, илим-билимин жогорулатууга арнаган.

1924-жылдары эң алгачкы «христоматия» китебин чыгарган. 1924-1925-жылдары Туркстан республикасынын Академиялык борборунда Кыргыз облустук бөлүмүнүн катчысы, анын төрагасы. 1-кыргыз Эркин-Тоо гезитинин редактору, Алаш партиясынын Пишпектеги филиалынын түзүүчүсү. Кыргыз БАКтын мүчөсү. 1926-1930-жылдары Кыргыз АССР Эл агартуучу комиссары болуп эмгектенген.

1930-1937-жылдары Кыргыз маданият жана курулуш институтунда илимий ишмер, кийинчирээк анын директору болот, КМПИнин доценти (1932) ошондой эле профессору (1936). Кыргыз орфографисынын башкы принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинин негизги тунгуч окуу куралдарын (Окуу китеби) 1924, «Эне тилибиз», «Тил сабагы», «Чондор учун алиппе» (1926), «Биздин тил» (1927), «Кыргыз тилинин морфологиясы» (1934), «Кыргыз тилинин синтаксиси» (1936), Кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн (1933) түзгөн. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген күнөө менен камалып, 1938-жылы жылы атылган. 1958-жылы акталып, 1960-жылы айыбы биротоло жокко чыгарылган. 1988-жылы эл талабы аркылуу чыгармачыл инсан катары бааланган.

Кыргыз алфавитинин түзүүчүлөрүнүн 1-кеңешмеси, оңдон солду карай, алдыңкы катарда, экинчиси — Касым Тыныстанов. 1926-жыл.
Кыргыз алфавитинин түзүүчүлөрүнүн 1-кеңешмеси, оңдон солду карай, алдыңкы катарда, экинчиси — Касым Тыныстанов. 1926-жыл.

Ишмердүүлүгү

Касым Тыныстанов кыргыз коомчулугуна жетекчи катары да зор эмгек сиңирген. Өмүрүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй кесиптерде эмгектенген: кыргыз илимий комиссиясынын жетекчиси, Кыргыз АССР эл агартуу комиссариятынын комиссары, Эркин-Тоо гезинин редактору, «Жаңы алфавит коомунун достору» уюмунун башчысы, жаңы кыргыз алфавитинин борбордук комитетинин жетекчиси, «Жаңы маданият жолунда» журналынын редактору, маданий курулуш илим-изилдөө институтунун улуу илимий кызматкери болуп кыргыз элине эмгек кылган.

Маданий ишмер катарында музыкалык фольклорчуларды (кайсы фольклорчулар? тактагыла) Кыргызстанга чакырып, залкар комузчулар Токтогул, Карамолдо, Муратаалы аталарыбыздын чыгармаларын жаздырган. Манастын алгачкы китебинин басылып чыгышына, анын орусча которулушуна да салым кошкон деген маалыматтар бар.

Кыргыз тарыхына салым кошуу максатында орус түркологу Василий Владимирович Бартольдду жана музей уюштуруу үчүн этнограф Саул Менделевич Абрамзонду Кыргызтанга чакырган.

«Биздин маданиятыбыз жаңы маданият болмок. Мунун жаңылыгы ушул - биздин маданиятыбыз жалчылардын талабынан негизделмек. Биздин маданият келечекте жалпы адам баласынын маданияты болмок!»

Касым Тыныстанов

Чыгармачылык

Тыныстанов жаш кезинен эле ыр чыгарган. «Касым ырлар жыйнагы» китеби, ал китепке «Жаңыл Мырза» поэмасы кирип, андан тышкары алгачкы котормосу да 1925-жылы Москвадан кыргыз тилинде басылып чыккан. Котормолору «интернационал», Иван Андреевич Крыловдун «Ийнелик менен кумурскасы», «Аба Маршы», «Кайрат», «Жаш Аскер» сыяктуу ырларды кыргызча которуп, өзүнүн «Өзгөрүш» аттуу ырлар жыйнагы китебине киргизген. Балдарга арналган бир нече ырлары, аңгемелери бар. Анын «Көл боюнда» аңгемеси Казакстан журналында басылган.

Касым атабыз драматург катары дагы белгилүү. Ал кыргыз драмасын бийик деңгээлге көтөрүү максатында «Академия кечелери» аттуу драманы койгон. Дал ушул драма коюлган соң Тыныстановдун аркасынан түрдүү айыптоолор башталып, «Академиялык кече тууралуу» жана «Академиялык кеченин тыянагы» аттуу макалаларына Касымга карата сындар айтылып, «улутчул», «эл душманы», «байчыл», «контрреволюциячыл» деп айыпталып, өмүрү ушундан улам трагедиялуу аяктайт.

Кээ бир ырлары: Ысык-көлгө жана Жайлоо, Жаз, Кыш, Кыргыз Ала-Тоосу

Үй-бүлөсү

Тыныстанов менен жубайы Турдубүбү эки уул бир кыздуу болушкан. Уулу Теңдик (ысымы так эмес) Улуу Ата Мекендик согушка катышып, жараттан улам каза болгон, кызы Бирлик, кичүү уулу Эркин - врач. (бул жерди тактоо керек)

Түбөлүктөө

Касым Тыныстанов атында көчө, мектеп, китепкана, университет, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы бар. Бишкек, Каракол шаарында, Чырпыкты айылында эстелик тургузулган. Чырпыкты айылында анын адабий-этнографиялык музейи уюштурулган

«Касым өзүнө эстелик тургузуп кетти, ал эстелик кыргыз эли канча өмүр сүрсө, ал дагы ошончо өмүр сүрөт».

Кусеин Карасаев

«Касым Тыныстанов - Кыргыздын жаңы маданиятынын көч башында турат».

Абдыганы Эркебаев

«Улуттук жазуунун, орфографиянын, пунктуациянын эрежелерин адеп иштеп чыккан ошо киши, эне тилибиз боюнча алгачкы окууларды жараткан да ошо киши».

Салижан Шарипов
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 59345, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-02-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо