Кассин Николай Григорьевич

Кассин Николай Григорьевич 1 (13). 12. 1885,Россия, Киров облусу, Гнусино кыштагы – 28. 10. 1949, Алматы – илимпоз, геология-минералогия илимдеринин доктору (1937), Казакстан Илимдер академиясынын академиги (1946). СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1946). Санкт-Петербург тоо-кен институтун бүткөн (1913). Негизги эмгектери Казакстандын геологиялык түзүлүшүн жана кен байлыгын изилдөөгө арналган. Казакстандын геологиялык картасын алгачкы түзүүчүлөрдүн бири. Ал 1914–15-жылдары Ысык-Көлгө экспедиция менен келип, геологиялык, гидрогеологиялык жана гидрогеографиялык бай материал чогулткан. Натыйжада азыркы мезгилге чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек капиталдык эмгек жарык көргөн. Бул эмгегинде, ошондой эле Чыгыш Казакстандын геологиясына тийиштүү көптөгөн маанилүү маалыматтарды берген. 2 Ленин, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Медные месторождения Восточного Казахстана. М., Л., 1931 (соавт.), Геологическая карта Восточного Казахстана масштаба 1:1 500000. М., 1939, Развитие геологических структур Казахстана. А.-А., 1951–52.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)