Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кассиль Лев Абрамович

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кассиль Лев Абрамович

Ар бир китепканада Сенин коргоочуларың, Черемыш - баатырдын иниси, Кондуит жана Швамбрания, Зор таймашуу, Республиканын дарбазачысы деген ар түрду наамдагы жука, калың, чоң жана кичине китептер коюлган текчелер бар. Бул китептердин бардыгы балдар үчүн жазылып, бардыгында тең Лев Кассиль деген ысым турат. Ар бир китепкананын текчесинде сырты герб менен кооздолгон татынакай беш китеп да бар. Бул - Лев Кассилдин чыгармаларынын беш томдук жыйнагы. Китептер күндүн желесине окшоп ар бири өзүнчө көк, кызыл, сары жана башка түстөгү боёк менен кооздолгон. Лев Кассилдин чыгармалары да ошол желеге окшош: татаал жана жөнөкөй, кубанычтуу жана кайгылуу, олуттуу жана күлкүлүү, бирок баары, кайрымдуулукка жана боорукердикке сугарылган. Жазуучу жоокерлер жана мугалимдер, жумушчулар жана окумуштуулар, актёрлор жана спортсмендер жөнүндө жазган, бирок көбүнчө балдар жөнүндө жазганды жакшы көргөн. Ал өзүнүн китептеринин бирин Кымбаттуу менин балдарым деп аташы бекеринен эмес. Ой келди жашай бербей максаттуу жашоого далалат кыл. Өмүрүңдү текке кетирип, турмушка жетелетпей, кайра турмушту сен жетелегендей бол. Анткени адам жөнүндө: Кандай жашаган неме деп бекер сурабайт.

Ак көңүл бол, өз башыңа келген майда-барат жамандыкты кечире билип, жалпыга жабыр көрсөткөн чоң жамандыкка чыдамсыз бол. Абанын агымына калдактаган батберектей болбой, түз багыт менен учкан учактай бол. Өзүң, өз күчүң менен күүлөнүп уч жана алган багытыңан жазба! Эгерде чоңдор өздөрүнүн балалык кезин көбүрөөк эстеп, балдар чоңойгондо кандай адам болорун көбүрөөк ойлонсо, адамдарга карылык ошончолук кечирээк келип, акылмандык анча кечикмек эмес. Лев Кассилдин Даяр болуңуз, улуу урматтуу повестинин каарманы акылман Тонгаордун ушул жана башка осуяттары силерге жана силердин жолдошторунарга айтылган Лев Кассилдин өз осуяттары экендигин, албетте, силер түшүнөсүңөр. Анын китептерин көп өлкөлөрдүн балдары билишет жана сүйүп окушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 428, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо