Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Касиев Сапаш

Баш барак | Биографиялар | Касиев Сапаш

Касиев Сапаш(1932, Ак-Суу району, Маман айылы) - биолог, биология илимий доктору (1986), профессор (1987). Кыргыз Республиканын УИАнын корр. мүчөсү (1989). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). Каракол педагогикалык окуу жайын (1949), КМУнун биология факультетин бүткөн (1957). 1949—57-жылы Ак-Суу районунда, Нарын шаарында мугалим. 1957-84-жылы Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын Биология институтунда кенже, улук илимий кызматкер. 1984-жылдан Баласагун атындагы КМУУда зоология кафедрасынын башчысы. Эмгектери үй жана жапайы купггардын мителерин изилдөөгө арналган.

К. 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору. Анын «Орто Азиядагы куштардын тыбытчылары» деген ири илимий эмгегинде куштардын маллофагын аныктагыч таблицалары берилген. Анын жетекчилиги менен Орто Азия боюнча паразитологиялык беш экспедиция уюштурулган. Анын изилдөөлөрү чет өлкөлөрдө (Гумбольд атындагы университеттин эмгектеринде) басылган. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 569, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо