Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кашкулак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кашкулак

Кашкулак деген эмне? "Кашкулак" абдан сак айбан. Жемин түн ичинде издейт. Ошондуктан жайкысын калың токойдогу тик боордон кашкулактын ийинин тапкан күндө да, анын өзүн көрүү кыйын. Кашкулактын орусча аталышы "Барсук". Ийинден чыгардан мурун ал эки жагын байкап тыңшап, жыттайт. Эгер шектүү бир нерсени сезсе, чыкпай жата берет. Кашкулактын ийини терең. Анда ар тарапка кеткен буйтка жолдор көп. Ал жыл сайын жаңы ийин казат. Кашкулак кышты чээнде уктап өткөрөт. Чөп-чар менен ийинин аябай жылуулап, оозун бүтөйт.

Кашкулактын уйкусу аз, денесинин температурасы төмөндөбөйт. Кыштын жылуу күндөрү ал ойгонуп ийинден чыгат. Адатта күндүз чыгат. Ушул учурда гана кашкулакты жакшылап көрүүгө болот. Ал бир топ эле чоң, денесинин узундугу 90 смдей (куйругун кошкондо бир метрден ашат). Жүнү жалтырак боз, катуу.

Тумшугунан төбөсүнө, мойнуна карай саргыч ак түстүү тилкелери бар. Ал эми көз, кулак туштарында кара тилке кеткен. Жумшак карда анын күчтүү буттарынын, бекем, курч тырмактарынын изи даана байкалат. Ал буттары менен ийин казып, чөптүн тамырларын чукуйт, ошондой эле душмандарынан да коргонот. Кашкулактын өзү болсо бейкут жаныбар, эч кимге кол салбайт. Жазында ийинден чыгары менен дароо ишке киришет.

Биринчиден, курсакты аябай тойгузуу керек - кыш бою тамак жебей арыктады. Экинчиден, ийинге жаңылап чөп төшөө же жаңы ийин казуу керек. Андан кийин чөндөлөйлөр туулат, алардын саны адатта үчтөн бешке чейин болот. Эне "кашкулак" аларга аябай камкордук көрөт. Көзү ачыла элек чөндөлөйлөрүн ийинден күнөстөтүп сыртка алып чыгат. Ал эми ата "кашкулак" болсо ийинди тартипке келтирип, жай бою бир нече ирет жаңыртып чөп төшөйт. Күзгө жуук кашкулактын үй-бүлөсү кышка камынып семире баштайт. Олдоксон эпсиз көрүнгөнү менен кашкулактар кемирүүчүлөрдү, бака, кескелдириктерди шамдагайлык менен кармашып, сөөлжандарды казып алышат. Саратан коңузунун личинкаларын өтө көп санда жеп, алар адам коомуна өзгөчө зор пайда келтиришет.

Суук түшкөнгө чейин кашкулактар аябай семиришип, денесиндеги май салмагынын үчтөн бир бөлүгүн түзүп калат. Эми чээнге кирсе да болот. Кашкулактын чөндөлөйлөрү ата-энеси менен чээнде чогуу кышташат. Ал эми жаз чыгары менен алар өз тиричилигин өткөрө башташат. Кашкулак жонундо маалымат ушундай достор. Макала жакса досторуңар менен бөлүшүп койгула. Кошумча шилтеме: Кашкулак-2

Жайгаштыруу: 2018-04-11, Көрүүлөр: 4291, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо