Карынды тазалоо

Карынды тазалоо — карындан тамак-аштын калдыктарын же уу заттарды чыгаруу. Карынды врач же фельдшер атайын карын түтүгү менен тазалайт. Өмүр үчүн коркунучтуу ууланууда врач келгиче К. т-нун эң жөнөкөй түрүн жасоого болот: оорулууга 5—6 стакан суу ичирип, анан кичине тилдин түбүн сөөмөй менен басып кустуруу керек. Бул процедураны бир нече ирет кайталоого болот. Карынды тазалап бүткөндөн кийин оорулууну төшөккө жаткырып, жылуулап жаап, 1—2 ууртам чай ичирүү керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)