Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Карын зили

карын зили карын былжыр челинин бездери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. составында ферменттер, туз кислотасы, былжыр, минералдуу заттар, суу болот. ферменттер тамак заттарды сиңирүүгө катышат. пепсин — белокту, липаза майды ажыратат. туз кислотасы тамак-ашты жумшартып, к. з-нин ферменттерин активдештирет, микроорганизм дер д и өлтүрүп, уйку безинин фермент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гормондордун пайда болуусуна түрткү берет. к. з-де туз кислотасынын аз же көп болушу анын кычкылдуулугун аныктайт. ал к. з-нин бөлүнүшүнө, карын былжырынын нейтралдоочу таасирине, ичеги-карын ооруларына жараша болот. к. з-ндеги былжыр илээшкектикти жогорулатат; туз кислотасын нейтралдап, к. з-нин кычкылдуулугун төмөндөтөт, былжыр челди түрдүү дүүлүтүүдөн коргойт, тамак сиңирүүгө жардам берет.

к. з - нде булардан сырткары в12 витаминин сиңирүүгө жардам берүүчү органикалык жана органикалык эмес заттар болот. ал витамин кемикте кызыл кан денечелеринин өөрчүшүнө катышат. тамак ичпей турганда ал бөлүнбөйт. к. з. карында дайыма бөлүнө бербейт. тамак ооз же карынга түшкөндө гана бөлүнбөстөн, адам тамакты көргөндө, жытын сезгенде, тамак жөнүндө сөз болгондо да бөлүнө баштайт. тамактын жагымсыз жыты же түрү к. з-нин бөлүнүшүн токтотот же азайтат.

ичеги карын, боор, өт баштык жана башка ооруганда кээде катуу кайгыруудан к. з-нин составы жана көлөмү өзгөрүшү мүмкүн. анын составын изилдөө оорунун диагнозун коюуга жардам берет. врачтын сунушу менен ичеги-карын ооруларында к. з. аз бөлүнсө же анда туз кислотасы жетишсиз болсо ал дары катары колдонулат. к. тамак сиңирүү системасы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)