Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карымшаков Абдыкасым

Баш барак | Биографиялар | Карымшаков Абдыкасым

Карымшаков Абдыкасым(1912-жылы туулган, Түп району, Күрмөнтү айылы) - Даңк орденинин толук кавалери, гвардиянын старшинасы, лётчик-аткыч. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Түштүк, 1ж-а 4-Украина, З-Белорус фронтторунда согушкан. Витебск, Борисов, Чыгыш Пруссияны бошотууга, Сандомир плацдармын жана Кенигсберг шаарынын алууга катышкан. Согуш убагында 227 согупггук учуш жасап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери менен сыйланган. Согупгган кийин өзү туулуп өскөн к-здо иштеген. Союздук маанидеги пенсионер (1970). Түп районунун Күрмөнтү айылында жашайт (1993). Түп жана Күрмөнтү айылдарында көчөлөр анын ысмы менен аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 560, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу