Карым-катнаш жана психиканын өнүгүүсү

Карым-катнаш татаал, көп пландуу процесс. Ал бирдиктүү иш-аракетте адамдардын ортосундагы мамилени чагылдырат. Карым-катнаштын социалдык мааниси, коомдук тажрыйбанын жана маданияттын формасын берүүнүн каражаты катары каралат. Карым-катнаш адамдардын ортосундагы байланыш, анын натыйжасында адамдар бири-бирине таасир этип, татаал мамилелердин системасын өздөштүрүшөт. Карым-катнаш процессинде инсандык өз ара мамиле пайда болуп калыптанат.

Көп жактуу коомдук мамиле жана В. Н.Мясищев белгилегендей инсандын психологиялык мамилеси эки жактуу белгиленет. Карым-катнаш инсандын өнүгүүсүндө маанилүү, анткени карым-катнаш процессинде инсандын духовный керектөөсү, моралдык, эстетикалык ж. б. сезимдери калыптанат, мүнөзү түзүлөт. Карым-катнаш инсандын өнүгүүсүндө гана эмес коомдун өнүгүүсүндө да чоң мааниге ээ. Карым-катнашта инсандык жана коомдук мамилелер түзүлүп жөнгө салынат. Коомдун өнүгүүсү жана адамдардын мамилеси татаал диалектикалык процесс. Карым-катнаш баарынан мурда өз ара түшүнө билүү.

Психологиялык адабиятта чоң кишилердин жана баланын мамилесинин ар кандай түрлөрү бөлүнүп берилген: 1) демократиялык өз ара пикир алмашууда ишенич, активдүүлүк, тең укуктуу болууга умтулуу, түшүнө билүү; 2) авторитардык-педагогдук, чоңдордун толук активдүүлүгү, балага ишенбөөчүлүк, баланын өз алдынчалыгын баалабоо белгиленет; 3) конформисттик – баланын мамилесин жеткиликтүү түшүнө албоо, мамиле түзүүнүн сырткы формада өтүшү; 4) конфликтүүлүк – балдар менен чоңдордун мамилесинин татаалдашы, педагогдун ишиндеги пассивдүүлүк;Илимий адабияттарда карым-катнаштын психологиялык-педагогикалык функциясы катары төмөнкүлөр бөлүнүп берилген:а) Бала үчүн коллективде, үйдө жагымдуу психологиялык климат, оң эмоционалдык шартты түзүү;б) бир жаш курактан, экинчи жаш курагына өтүүдө ыраатуулукту сактап карым-катнаштардын алкагында болууга даярдап үйрөтүү.в) балада "мен" деген түшүнүктү калыптандыруу б. а. айлана-чөйрөдөгү адамдардан, сырткы дүйнөдөн өзүн бөлүп көрө билүүгө көнүктүрүү. Мунун негизинде бала өз алдынчалыкка үйрөнүп карым-катнаштын өзгөчөлүгүн өздөштүрөт.

Мектепке чейинки куракта бала чоңдор менен гана мамилелердин системасында болбостон, курбалдаштары, башка балдар менен да карым-катнашта болот. Баланын курбалдаштары менен болгон мамилеси чоң кишилердин бала менен мамиле түзүүсүнөн маанилүү түрдө айырмаланат. Баланын курбалдаштары менен болгон мамилеси өзгөчө мааниге ээ. Курбалдаштары менен эмоционалдуу мамилелердин системасында үндүн бийиктиги, күлкүсү, жолдошторун туурап сүйлөө ж. б. өзгөчөлүктөрү белгиленет. Балдардын мамилесинде, айрым учурда сөз аркылуу ойду түшүндүрүүнүн эрежеси жана нормасы сакталбайт.

Алар ойноп жатып, күтүлбөгөн сөздөрдү айтып, бири-бирин тамашалайт же капалантат, баланын жекече өзгөчөлүгү чагылдырылат. Бала курбалдаштары менен мамилесинде өзүнүн демилгесин чагылдырат. Өнөктөшүн укпастан өзү сүйлөйт, башкалардын сөзүнө тоскоолдук кылат. Баланын курбалдаштары менен карым-катнаш аракеттери көп жактуу: өнөктөшүнүн аракетин жөнгө салуу, өзүнүн оюн таңуулап, бирге ойноого умтулуу, таарынычын билдирүү, укмаксан болуу ж. б. Демек, курбалдаштары жана чоңдор менен болгон мамиле баланын инсандык ар кандай сапаттарынын өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Чоңдор менен болгон карым-катнашта бала сүйлөгөнгө, иштегенге, сөздү угуп кабыл алганга, башкаларды түшүнүүгө, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө үйрөнөт. Курбалдаштары менен болгон мамиледе бала өзүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырат, башка балдарды башкарууга умтулат, башкалардын жетегине көнөт, ар түрдүү мамиледе болот. Баланын өнүгүүсү жана мамиле түзүүсү чоңдор жана балдар менен бирдикте өтөт.

Психолог Т. Шибутани изилдөөсүндө "баланын курбалдаштары менен карым-катнаш түзүүдө тажрыйбасынын жоктугу, башка адамдарды түшүнө билүүсүн татаалдаштырат", - деп белгилеген. Психологияда белгиленгендей кичине бөбөктүн башкалар менен болгон мамилеси, анын инсан катары калыптанып, балдар коллективине көнүгүшүн жеңилдетет. Психолог М. И.Лисина 1-7 жашка чейинки балдардын курбалдаштары менен карым-катнашынын төмөнкү маанилүү өзгөчөлүктөрүн белгилеген.1.Башка адамга, курбалдаштарына болгон кызыгуу, анын өңүн, турпатын карап, аракетин байкоодо чагылдырылат. Ыйлаган баланы кароо ля-ля ы-ы-ы деп туурайт.2. Өнөктөшүнүнө эмоционалдык мамиле, анын аракетин көңүл бөлүп карап, ага карата өзүнүн мамилесин чагылдыруу менен мүнөздөлөт. Мындай өзгөчөлүк 2-3 жашар баланын курбалдашы менен болгон мамилесинде байкалат.

Бул эки өзгөчөлүк карым-катнаштын маанилүү жагы, анткени таанып-билүүгө болгон керектөө, кызыгуу 1-3 жашка чейинки, балада пайда болуп активдешет.3. Башка кишилер менен өз ара мамиледе болууга умтулуу.4. Өзүнө карта болгон аракеттерге жооп кайтарууга умтулуу, өнөгүнүн мамилесине болгон сезимталдык, кийинки эки өзгөчөлүк пикир алмашуудагы акт. А. Н.Галигузова жана Б. О.Смирнова (14) "Бала курбалдаштары менен карым-катнашта болууга муктажбы? Мындай карама-катнаш психикасынын өнүгүүсүнө таасир этеби?"- деген суроолорду ачып берүүдө психолог М. И.Лисинанын изилдөөсүнө таянышкан.

Алар эксперименттин негизинде 1-3 жашка чейинки бала курбалдаштарынын турпатына кызыгуу менен карап, өзүн ага салыштырып б. а. "өзүн элестетет" деп белгилешкен. Бир жарым жаштагы эки кызды (Маша, Ира) жанаша отургузуп ойногондо, Ира Машанын жүзүн, көйнөгүн карап, анан өзүнүн көйнөгүнө көз жүгүртөт. Бир аздан кийин курбалдаштырынын бутун кармалап, өзүнүн бутун ага салыштыргандай кыймылдатат. Мындай аракеттер карым-катнаштын уюшулган түрү болбостон, баланын таанып билүүсүнүн активдүүлүгү. Бир жарым – эки жаштагы бала курбалдаштары менен узак убакты өз ара мамиледе боло албайт.

Бул куракта карым-катнашта бала өзүнүн курбалдаштарына ""изилденүүчү объект" катары (оюнчук сыяктуу) мамиле жасайт. А. Н.Галигузова, Е. О.Смирнова үч жашар баланын курбалдаштары менен болгон карым-катнашын анын таанып-билүүсүн булагы катары карашат. Карым-катнашта балдар практикалык жана оюн аракеттерин өздөштүрүп, өнүктүрөт. Балдардын мамилеси, ар кандай абалы, оюндагы чыгармачылык кыялдануусу өздөрүнүн билимин ачык берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Үч жашар балада курбалдаштары менен карым-катнаш түзүүгө болгон керектөө пайда болот.

Үч жашка чейинки баланын карым-катнашын багыттап жөнгө салууда алгач 2-3 бала менен оюнду уюштуруп өткөрүү маанилүү, анткени бала жанаша ойноого, мамиле түзүүгө көнүгөт. Бул пикир келишпөөчүлүктү чектейт, ошондуктан карым-катнашта чоңдордун жетекчилиги зарыл. Мектеп жашына чейинки куракта баланын курбалдаштары менен болгон мамилеси өзгөчө мааниге ээ болуп, чоң адамдар менен болгон мамиледен маанилүү түрдө айырмаланат. Баланын курбалдаштары менен болгон мамилеси өтө эле эмоционалдуу ал баланын күлкүсү, үнүнүн бийиктиги, терс эмоциясы, аракети, кыймылы менен мүнөздөлөт. Экинчиден, жүрүм-турумдун нормасын сактабагандыгы, курбалдаштары менен пикир алмашууда "эркин" мамиле байкалат.

Үчүнчүдөн карым-катнашта курбалдашын укпай, өз оюн айтууга умтулуу. Ал эми чоңдор менен болгон мамиледе аларды угуп, кабыл алат. Төртүнчүдөн баланын курбалдаштары менен болгон аракети көп жактуу. Курбалдашына таарынат, оюн айтат, кыялдануусун чагылдырат, б. а. өнөктөшүнүн аракетине кийлигишет же башкарат. Ал эми чоң кишилердин кайрылуусун ынтаа коюп угуп, максаттуу аракеттенүү менен бала карым-катнашта өзүнө карата мамилелердин системасын өздөштүрөт.

Чоң адамдар жана курбалдаштар менен болгон карым-катнаш баланын инсандык сапатынын ар кандай жактарынын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Чоң кишилер менен болгон карым-катнашта бала жаңы билимдерди өздөштүрүп, сүйлөгөнгө, иштегенге үйрөнөт. Ал эми курбалдаштары менен болгон карым-катнашта баланын сөз байлыгы кеңийт, кабыл алуу, ой процесстери активдешет. А курбалдаштары менен пикир алмашканда сөз каражаттарын кеңири колдонот. Анткени алардын айрым сөздөрүнүн маанисин жеткиликтүү түшүндүрүүгө болгон аракети баланын речин активдештирет.

Түшүнүп кабыл алган сөздөрдү активдүү түрдө кайра чагылдырууга керектөө пайда болот. Чоң кишилер менен сүйлөшкөндө бала оюн түшүндүрүүгө аракеттенет, бирок курбалдаштары менен болгон пикир алмашуу андан көп аракеттерди талап кылат. Курбалдаштары менен пикир алмашууда бала өзүнүн каалоосун, оюн, максатын так түшүндүрүүгө умтулат. Психологдор А. Р.Лурия, Ф. Я.Юдовичтин изилдөөлөрүндө белгилегендей үйдө тарбияланган эгиз балдар өз ара пикир алмашууда аракет жана тыбыштарды пайдалануу менен чектелишет. Алардын карым-катнашын активдештирүү максатында аларды эки башка группага жайгаштырышкан.

Алар курбалдаштары менен карым-катнашта болуп, үч айдан кийин оюн аракеттерин, сөз менен түшүндүрүшкөн. Курбалдаштары менен болгон пикир алмашуу, аларды түшүнүп, өзүнүн аракетин пландаштыруу эгиз балдардын речин ж. б. психикалык процесстеринин өнүгүүсүнө таасир этет. Баланын чоң кишилер жана курбалдаштары менен болгон карым-катнашын психолог А. Кемпинский төмөндөгүдөй мүнөздөйт. Чоң кишилер менен баланын мамилесинде белгилүү аралык сакталат, бала өзүнүн каалоосу, кызыгуусу менен чоң кишиге умтулат.

Ал эми курбалдаштары менен жанаша бирдей абалда болуп, өз оюн түшүндүрүп, алардын мамилесин кабыл алат, бул курбалдаштары менен болгон карыт-катнаштын баалуулугун мүнөздөйт. Психологдор А. В.Запорожец, М. И.Лисина, А. Р.Лурия ж. б. карым-катнашты баланын психикасынын өнүгүүсүнүн булагы катары белгилешкен. Эксперименталдык изилдөөлөрдө көрсөтүлгөндөй карым-катнаш баланын жаңы билимдерди өздөштүрүүсүнүн шарты болгондуктан теориялык жана практикалык мааниге ээ. Карым-катнаш балдарда чоңдордун жетекчилиги астында жөнгө салынып, багытталат да психиканын өнүгүүсүнүн, инсандык сапаттардын калыптанышынын маанилүү шарты катары каралат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)